Айбат » Чет элдик медиа-эксперттер обьективдүү макалаларды жазууга үйрөтүшүүдө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Чет элдик медиа-эксперттер обьективдүү макалаларды жазууга үйрөтүшүүдө

1

24-июлдан тарта Бишкек шаарында медиа-инновациялар лагери (Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектеби) өз ишин баштап, сырттан келген медиа-эксперттер тарабынан, аймактардан тандалып алынган басма сөз ЖМКсынын жана онлайн-басылмаларынын 19 журналистине, маалыматты даярдоонун жана жайылтуунун жаңы ыкмаларына, Интернеттеги контентти илгерилетүүгө, медиа-менеджменттин техникаларына, ошондой эле полиэтникалык аудитория үчүн обьективдүү макалаларды жазганга үйрөтүшүүдө.

Россиядан, Украинадан, Казакстандан жана Кыргызстандан келген эл аралык медиа-эксперттер алты күндүн ичинде катышуучуларга мультимедиялык жарыялоолор үчүн сценарий түзүүгө, он-лайн чөйрөдө тексттер менен иштегенге, чөнтөк телефондун жардамы менен санариптик фото жана видеосьемка жүргүзүүгө, мобилдик тиркемелер менен иштегенге, инфографика түзгөнгө, гезиттин веб-сайтын иштеткенге үйрөтүп жатышат.

Аталган окуу-семинарында секция өтүп, чет элдик он-лайн басылмалардын кейсин үйрөнүүгө көңүл бурулуп жана мультимедиянын жардамы аркылуу басылма ЖМК лар кантип акча таба алаары боюнча да идеялар ортого салынууда. Тренингдер интерактивдүү форматта, теория менен практиканын айкашында өтүп жатса, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү өздөрүнүн суроо талаптарын жана түшүнбөгөн жагдайларын айтып үйрөнүүгө умтулушууда.

«Дүйнө жүзү барган сайын мультимедиялык, жаңылыктар болсо ыкчам болуп баратат, бирок КР басылма ЖМКлардын жарымынан көбү өзүнүн он-лайн кантентине ээ эмес, бүгүнкү күндүн агымы менен бирге кадам таштабай эле – дейт журналисттер үчүн тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар Мектебинин директору Инга Сикорская. – Биз кыргызстандык ЖМКларга өндүрүштүн жаңы деңгээлине чыгуусун каалайбыз, жаңы контент чыгарууга, медиалык рынокто теңтайлаша ала турган, аудиторияга сапаттуу жаңылыктарды бере турган мүмкүнчүлүк түзүп бергенге жардам кылгыбыз келет» — деп белгилейт ал.

Орусиядан келген эл аралык медиа-эксперт Оксана Силантьева 2 күндөн бери катышуучуларга мультимедиялык жарыялоолор үчүн сценарий түзүүгө, он-лайн чөйрөдө тексттер менен иштегенге, чөнтөк телефондун жардамы менен санариптик фото жана видеосьемка жүргүзүүгө, мобилдик тиркемелер менен иштегенге, инфографика түзгөнгө, гезиттин веб-сайтын иштеткенди үйрөтүп жатса, Украинадан медиа-эксперт Максим Буткевич, Казахстандан Гулим Амирханова жана Кыргызстандан Бектур Искендер өздөрүнүн медиа чөйрөдөгү иштери менен жана он-лайн чөйрөсүндө кеңири окуу жүргүзүшөт. Окуу 24-июлдан 29-июлга чейин улантылат.

Алган билимдерди толук кандуу ишке ашыруу үчүн медиа-инновациялардын Лагеринин акыркы күнү «Идеялар парады» сынагы ойнотулуп, анда техникалык көмөктөн жардам берилет. Сынактын жыйынтыгы боюнча комиссия тарабынан 7 мыкты долбоор тандалып алынат. Жеңүүчү ЖМКларга мультимедиялык контентти өндүрүү үчүн зарыл болгон жабдуулар сатылып берилет.

Долбоор “Арачылардын  Элдештирүүчү Тармагы” Коомдук фондунун, Сорос-Кыргызстан Фондунун жана АКШдагы  Демократияны илгерилетүү улуттук институтунун (NED) “ЖМКды колдоо” программасынын каржылоосунун алкагында ишке ашырылууда.

Эске салсак, “Арачылардын Элдештирүүчү Тармагы” коомдук фондунун Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектеби (School of Peacemaking and Media Technologies) 2010-жылдын июнунда, жаңжалдан кийинки мезгилде жергиликтүү журналисттик коомдоштукту окутуу жана анын дараметин куруу үчүн  түзүлгөн.

 Абат гезити

Мирбек Асаналиев



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru