Айбат » Сыпарбек Садыков: “Жумгалда дарбыз, коон жана жүзүм өспөйт дегендер жанылышат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Сыпарбек Садыков: “Жумгалда дарбыз, коон жана жүзүм өспөйт дегендер жанылышат”

DCIM100MEDIA

Нарындын жер шарты катаал, аба ырайы суук делинип СССР тушунда, ошого жараша тармакташтырууга аракеттер көрүлүп келген. Мына ошол себептен жергиликтүү тургундарда жер-жемиш өспөйт деген көз караш калыптанып калган. Кийинки күндөрү эксперменттердин түрүн жасап жемиштин түрүн өстүрө баштады. Болбосо аба ырайында деле олутту өзгөрүүлөр болгон деле жок. Бул сыяктуу  көз карашты жыра бускан Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын тургуну коомдук ишмер Сыпарбек Садыковду кепке тарттык…

-Сыпарбек мырза, өзүңүз тууралуу тааныштыра кетсеңиз?

-Мен 55 жашка келип калдым, өзүмдүн кесибим “Инженер механик” 1981-жылы Фрунзедеги Политехникалык институтунун “механик” факультетин бүтүргөм. 1981-жылы “Жумгал автобазасына” келип 3 жыл катардагы кызматчы, андан соң “Колонада” 2 жыл инженер, 5 жыл башкы инженер болуп иштеп келип 1990-жылдан 2008 жылга чейин автобазада директор болуп иштедим. Андан соң 2008-жылдан 2011-жылга чейин Жумгал райондук Айыл чарба өнүктүрүү башкармасынын башчысы болуп кызмат өтөп 2011-жылдын май айынан бери Райондук техникалык инспекциясынын башчысы болуп иштеп келе жатам.

-Мамлекеттик кызматтан тышкары эмне менен алектенесиз?

-Жумуш менен чектелбестен бир катар дыйканчылык иш менен алектенип келем, үйдө 70 сотых огородум бар. Анда  4 түр алма, малинанын кызыл, сары түрү, абрикос, кулпунай, карагат, тоо карагаты, дарбыздан баштап пияз, сабиз, бадыраң, буурчак, капуста, кызыл кызылча, калемпир айдап келем. 25-30 сотых жерге картошканын 3-4 түрүн айдаймын. Чай чемеке ичип жегенибизге жарайт, жетет. Мезгили келгенде сатчусун сатып турабыз. Эрте жазда жашылчанын көчөтүн өстүрөбүз, айыл тургундары алып турушат. Сыртта 6 га жерим бар, 4 га чөп, 2 га буудай айдаймын, буудайдын уругун сырттан алып келем, биринчи продукциядагы сортторунан. Картошканын накта сорттору да бар.

-Алынган продукцияны эмне кыласыздар, чакан ишкана ачууга кандайсыз?

-Эми кичине огороддон күзүндө сатып кетишет, картошка, карагат, алма, сабиз деп сатып келебиз бир жылда 100 миң сомдун тегерегинде каражат топтоп калабыз.

-Жумгалда эч нерсе өспөйт деп айтып калышат буга кандай дейсиз?

-Жумгалга эч нерсе өспөйт дегендер жаңылышат, Жумгалда дарбыздан баштап алма, өрүгүнө чейин бышат, Көлдүн абрикосунан биринчи Жумгалдын Кабак аймагында абрикосу бат бышат, Көк-Ой айылында былтыркы жылы жүзүмдөн түшүм алышса, ал эми дарбыз, коон бышып эле келет.

-Алдыда кандай пландарыңыз бар?

-Эми теплица ачайын деп пландап жатам,  Жумгал элине бир долбоор аркылуу бир-эки кичи теплица курсамбы деп келем.  Алдыда дагы жакшы ойлор бар. Кышында Бишкек шаарынан продукция ташыбай ушу өзүбүз багып өстүрсөк кандай болбосун. Эми мына жемиштер бышып баштады чекесинен. Жумгал бардык эле өсүмдүктөргө жери ыңгайлуу.

 -Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?

-2 уулум, 2 кызым бар. Уул, кыздарым өз алдынча турмуш куруп үй-бүлө күтүп небере-жээн жетелетип калышты, кичүү уулум колумда келиндин колунан чай ичирип отурат, кичүү кызым мектеп жашында. Кудайга шүгүр келинчегим Роза экөөбүз огороддон башыбыз чыкпайт.

- Жумгалга дагы кандай өсүмдүктөрдү өстүрсө болот?

-Эл өздөрү менен эле өздөрү оокаттарын кылып атышат, азыр акча табыш болуп калбадыбы, биз көнүп калганбыз арпа, буудай айдап эле, негизи ар түркүн дагы башка… Мисалы, гречканы, тоо бурчакты тигип өстүрсө жакшы түшүм берет. “Эл эмгегин жер жебейт” – дейт кыргызда, аракет кылсак эле баары болот. Мына күз айы да келе жатат, эгин чабык дегендей…  Ага даярдыктарды, камылгаларды көрүп жатабыз…

Айбат гезити

Мирбек Асаналиев




Башка окшош макалалар:

1 комментарий

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru