Айбат » Нурбай менен Элмиранын эрдиги, же чыныгы махабат баяны

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Нурбай менен Элмиранын эрдиги, же чыныгы махабат баяны

1

Бир кезде турмуштан кыйналып-кысталган бир инсанга жолугуп, анын арман-зарын уккандан кийин блокнотумда мындай ыр саптары жаралган эле:

«Алыстарга жолдоп ысык саламды,

Аңдайбыз да көз ирмемде ааламды,

Аттиң, бирок, көрбөй, укпай калабыз,

Алдыбызда ыйлап турган адамды!»  … Алдыбызда азыр деле ыйлап, сыздап жүргөн адамдар көп экен. А биз, адамдар, көр экенбиз. Көзүбүз эмес, көөдөнүбүз көр экен.

Жакында редакциябызга айылынан жашоонун бүтпөс-түгөнбөс түйшүктөрү жүзүнө кыйма-чийме из салган, чачтарын ак аралап калган бир зайып келип калды. Аты Уулкан экен. Беш кыз, жалгыз уулу бар экенин, уулунун майыптыгын, ошол уулун жакында үйлнтүп, той өткөргөнүн, баарысы-баарысын жипке  мончок  тизгендей кылып айтып берди эле. Эмесе, ошол баянга, болгондо да чыныгы махабат баянына сиз да ортоктош болуңуз, урматтуу окурманым.

Мындан 30 жыл мурда, тактап айтканда 1983-жылы, айбийкелик Базарбаев Ахматжан ава менен Султанова Уулкан эженин үйүндө дагы бир адам баласы жарык дүйнөгө келип, наристе үнү жаңырды. Ата менен эненин кубанычында чек жок эле. Анткени, жалаң кыздардын артынан күттүрүп жүрүп төрөлгөн жалгыз уул болчу.

Наристеге аруу ой, асыл максаттар менен Нурбай деген ысым ыйгарышып, анан эле 15 күндөн кийин катуу ысытмалап, дене табы такыр түшпөй койгон бөбөктү райондук оорукананын балдар бөлүмүнө алып келишет. Балээнин баары ушул жерден башталат.

Балдар бөлүмүнүн башчысы, ага кошо дагы бир аттуу-баштуу эле дарыгер (аттарын атабай эле койолучу, өздөрүн деле ар-намысы (эгер болсо) кыйнап жүргөн чыгаар) баланын жүлүнүнөн суу алабыз деп, майып кылып коюшат (!).

Ошо-ошо болуп, байкуш ата-эненин баласынын бактысы, келечеги үчүн күрөшкөн бүтпөс-түгөнбөс сапары, түйшүгү башталат. Ачпаган эшиги, аттабаган астанасы калбайт. Ошко да, Бишкекке да, башка жактарга каттай беришип, тамандары тешилет. Ошентип жүрүп, атасы да, энеси да катуу ооруп, кийин атасы майып болуп калып, энеси араң айыгат.

«Үмүтсүз – шайтан», «Үмүт эң акырында өлөт» демекчи, Ахматжан ава менен Уулкан эже жакшылыктан мына 30 жылдан бери үмүт үзбөй келишет. Канткен менен жашоо уланып, тирүүчүлүк өтүп келатат.

Нурбай инибиз майыптыгына карабай өтө сезимтал, акылы тунук жигит. Өзү теңдүү балдар-кыздар сындуу мектепте окубай калганы эле болбосо, кат таанып, китеп окуп, эрмеги — ата-энеси алып берген телефону, андагы «Агентке» кирип башкалар менен кенен-кесири баарлашып, пикир алышып, жан дүйнөсүн байытат. Коляскасына отуруп алып, айыл аралап, тең кур балдар менен алакалашып турат.

Мындан 4 жыл мурда Нурбай инибиз көк-таштык Элмира аттуу сулуу менен да ошол «Агент» аркылуу таанышып, кат жазыша баштайт. Эки жаш эки жыл бою телефон аркылуу баарлашып, бири-бирин жакындан таанып-билип, камыр-жумур болуп кеткени аз келгенсип, бул алака акыры барып ак сүйүүгө айланат. «Сүйүүнүн көзү жок, анын көзү жүрөгүндө» деген сөздө калет жок белем. Анын сыңарындай «Мага окшогон майыпты не кыласың? Өзүңө окшогон, өзүңө тең татынакай түгөйүңдү тапкын?!» деген Нурбайдын сөзүн кулагынын сыртынан кетирген Элмира өз ата-энесине сүйгөнүм менен гана баш кошомун деген катуу шартын койот.

Арадан бир топ мезгил өтүп, Нурбайдын жакын инисинин жардамы менен эки жаш жолугушууга үлгүрүп, Элмира өз шертинен кайтпай койгон соң гана ата-энелер жолугушуп, болочок келинге сырга (сөйкө) салынып, кудай кошкон кудалардан болуп калышат.

Тагдырга айла жок экен. Бир кезде:

«Атанын жалгызымын жолун улар,

Катылды жүрөгүмө сүйүү тумар.

Аруу кыз, ачык айтсам өзүң болдуң,

Келечек, жаркын күнгө күлкү сунар» – деп ыр жазып, телефону, анан коляскасы менен гана сырдашып жүргөн Нурбайдын бактысы бажырая күлүп, эки жыл мурда эки жаш кыргыздын бардык каада-салты менен баш кошуп, ак никелүү жубайлардын күбөлүгүн колдоруна алышып, азыр экөөсүнүн ортосунда 10 айлык Элиза аттуу жубар мончок кызы бар. Ал эми быйыл, июнь айынын 17-числосунда Нурбайдын тууган-уруктарынын, жакын санаалаш досторунун жардамы менен жаш жубайлардын, бир аз кечигип болсо да (атаңдын көрү жону катуу жокчулук ай!), үйлөнүү үлпөтү өткөрүлүп, айыл элине той берилди.

— Куда-кудагыйым – Төрөкулов Мухамедтойчу менен Гүлмираларга өмүр бою ыраазымын. – Түшүнүктүү, изги дилдүү инсандар экен, өздөрүнүн алты саны аман, аймончоктой кызынын — тун перзентинин бактысын менин майып баламдын башына байлап коюшту. Келиним, кудайдын кулагы сүйүнсүн, ыйман-ынсаптуу, ашыкча сөзү, баскан-турганы жок, элпек жан. Айтар сөзүңдү каш-кирпигиңден байкап турат, — дейт, ыраазы боло көз жашын аарчыган Уулкан эже.

Баса, үч адамдан турган бул кичинекей мамлекет учурда Нурбайга майыптыгы боюнча берилүүчү 3300 сом жөлөк пулга гана күн кечирип, жашоо арабасын өп-чап кылдыратып жүрүшкөнү, социалдык колдоо бөлүмү тарабынан ар 7 жылда бөлүнүүчү арабанын (коляска) да сынган жерлери ширетиле (сварка) берип тамтыгы чыкканы туурасында кабардар болуп, кабыргабыз кайышты.

Нурбайдын дагы бир тилеги: район борборунан 1 кааналуу болсо да үйлүү, анан жеке компьютерлүү болуп, ай-ааламда болуп жаткан жаңылыктардан кабардар болуу менен, өзү да чыгарма жаратсам дейт. Болсун, ылайым!

… Эл арасында кайрымдуу, боорукер, бирөөлөрдүн муң-зарына, кайгы-капасына кайдыгер карабаган ыймандуу, колунда бар инсандарыбыздын жок эместигинен үмүт артып, Нурбай менен Элмиранын тагдырына, келечек турмушуна аз да болсо кол кабыш кылуучулар табылып калса аябай кубанат элек.

Жашасын ак сүйүү, жашасын махабат! Сүйүү жок дегендер жаңылат! Эгер мен Президент болуп калганымда Элмирага сыйлыктардын эң зорун, үлкөнүн берээр элем! Сиз не дегейсиз, азиз бурадарым?..

2

Сапарбек ШАКИРОВ

«СуЛей-Инфо»



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru