Айбат » Асел Эшимканова: “Сен тирүүсүң, Мелисим, сен тирүүсүң!”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Асел Эшимканова: “Сен тирүүсүң, Мелисим, сен тирүүсүң!”

Асел Мелис Эшимканов

Маркум Мелис Эшимкановдун чүрөктөй жубайы Асел Эшимканова Мелис мырзаны эскерип отурду.

- Асел айым, маегибизди Мелис агай экөөңүздөрдүн таанышканыңыздардан баштасак. Кантип таанышып калгансыздар?

– Мелис менен кафеде официант болуп иштеп жүргөнүмдө тааныштым. Кафедеги үчүнчү  иш күнүм болчу. Мен иштеген “НБТ” каналы каржы маселесинен улам убактылуу жабылып, баарыбыз акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүндө элек. Курбумдун сунушу менен ошол кафеге убактылуу ишке орношком. Анан да Мелистердин столун мен тейлеп калдым. Ал абдан таң калып: “Сенин эжең ТВда диктор болуп иштебейби?” – деп сурады, сыр бербей: “ооба”- деп койдум. Бирок, улам бир нерселерди сурап атып, ТВдагы диктор “эжем” эмес, өзүм экенимди түшүндү да, башка иш караштыруумду сунуштады. Көп өтпөй эле биздин телекомпания кайра өз ишин улантып калды.

- Журналист, саясатчы менен турмуш куруу оор болгон жокпу?

– Эгер ал сенин чыныгы түгөйүң болсо, анын саясатчы, журналист же жөнөкөй мугалим экени маанилүү эмес. Адамдарды бири-бирине окшоштугу, пикирлеринин чындап дал келиши, алтургай, бирге өткөргөн күндөрү да жакындатпайт. Адамдарды жакындаткан нерсе – экөөнүн ортосундагы айырмачылыктан алган канаат. Себеби, бир адам менен баарлашып олтурганда китеп окуган сымал, бир жерде анын пикирине кошулсаң, кайсы бир жеринде ойлор эки ача кетет, бирок, баары бир кызыгууң арта берет. Жакшы көргөн адамың менен турмуш эч качан оор болбойт.

- Канча жыл чогуу өмүр сүрдүңүздөр?

– Он жыл.

- Экөөңөрдүн ортоңордо канча жаш айырма бар эле?

– 15 жаш.

- Сизди кантип эркелетчү?

– Аселек-васелек деген киши жок эми… Бир гана жакын адамдары Мелистин кандай камкор, боорукер экенин. Мага дүйнө жүзүн көрсөтүп чыгам деп сөз берген. Экөөбүз чогуу отурган маалда эмки жылы кайсы мамлекетке барып эс алабыз деп пландачубуз. Мага Европаны көрсөттү: Англия, Франция, Германия, Чехия, Бельгияда болдук, андан сырткары, Канада, Малайзия, Индия, Непал жана Түркияны чогуу кыдырдык.

- Майрамдарда кандай белектерди көп тартуулачу?

– Ойгоно элегимде жаздыктын башына гүл коюп койчу. Анан кайсы ресторанга баргың келип атат, кандай тамак жейсиң, кечинде тандап мага айтып кой – дечү эле.

- Журналисттер романтик болот эмепи, Мелис агай кандай эле?

– Романтик деп туура айтасыңар. Бакта сейилдеп басканды, тоого чыгып эс алганды, суунун жээгинде кыялданып отурганды жакшы көрчү. Мындай ирмемдерди көп өткөрдүк.

- Маркум саясатчылардын жубайлары азыр саясатта жүрүшөт. Сиздин да саясатка келүү тууралуу оюңуз барбы?

– Азырынча андай оюм жок.

- Экөөңүздөрдүн кандай кыялыңар орундалды да, кайсынысы аткарылбай калды?

– Бул жашоодогу чоң бакыт – баарлашуудан ырахат алчу, жолугууга ашыктырчу чындап арзышкан адамга кезигүү. Башкысы, Мелис экөөбүз бул жашоодо табыштык! Экөөбүздүн балдарыбыз бар, ушул бакытка каниет кылам.

Ал эми пландар туурасында айтсам, абдан эле көп болчу. Сиздер билгендей, Мелис энергияга жана идеяга бай адам эле. Продюсердик борбор ачып, толук метраждуу кино тартып, өзүнчө ТВ ачуу тууралуу ойлору бар эле. Кудай мага күч-кубат берсе, ал пландарын ишке ашырууга аракет кылам.

- Балдарыңыздын кимиси атасына көбүрөөк окшош? Канчага чыгып калышты?

– Уулубуз Адам 8 жашка чыкты, кызыбыз Миэлла жакында алтыга чыгат. Адам атасына куюп койгондой окшош. Мику чоң энесине окшошуп кетет.

- Мелис агайдан өзүңүзгө кандай сапатты сиңире алдыңыз?

– Кандай гана окуя, кандай гана көрүнүш болбосун, философиялык көз караш менен кабылдоого аракет кылам, ушактарга көңүл бурбай, алардын деңгээлине түшпөөгө тырышам. Буларды Мелистен үйрөндүм.

- Балдарыңыз журналист болом десе каршы болбойсузбу?

– Кандай кесипти тандабасын, ар дайым колдоп турганга аракет кылам. Бул кесип канчалык оор болбосун, баалуу кесип деп эсептейм.

- Мелис Эшимканов атындагы фондду ачуу идеясы кимге таандык?

– Мелистин жалгыз иниси Эрнис экөөбүз кеңешип ачканбыз.

- Америкадагы уул-кызы менен байланышып турасызбы?

– Ооба, жакында эле Адамдын туулган күнүнө Жылдыз менен Төлөгөн белектерди жөнөтүп жибериптир. Телефондон, Интернеттен байланышып турабыз.

- Башында алар сизди кандай кабыл алышты?

– Көбү ишенбейт, бирок атасын жакшы көрүп, жакшы түшүнгөндөн болсо керек, башынан эле мамилебиз абдан жакшы.

- Мелис агай түшүңүзгө киреби?

– Эки-үч жолу кирди, тирүү экенине сүйүнүп жүрүптүрмүн.

 

Сен тирүүсүң Мелисим, сен тирүүсүң!

Көздөрүңдү көрөм дайым, уулубуздун көздөрүнөн,

Сөздөрүңдү угам дайым кызыбыздын сөздөрүнөн.

 

Сен тирүүсүң, Мелисим, сен тирүүсүң!

Жүрөгүңдүн согушун да сезем дайым,

Өзүмдүн жүрөгүмдөн, сен деп соккон.

 

Сен тирүүсүң, Мелисим, сен тирүүсүң!

 

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru