Айбат » ”Мейкин Азиянын” күнгөй-тескейи

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » ”Мейкин Азиянын” күнгөй-тескейи

18-июлдан 20-июлга чейин кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн “Мейкин Азия” фестивалы жыйынтыкталганда бир топ сын-пикирлер айтылды да калды. Алгач сынакта жеңишке жеткен конкурсанттардан баштасак: Чолпон-Ата шаарында үч күнгө созулган эл аралык музыка сынагынын жыйынтыгында баш байгени казак ырчысы Димаш Кудайберген алып, 5 миң долларлык сыйлыкка ээ болду. Сыйлыкты ага премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев тапшырды. Биринчи орунга украиналык ырчы Владислав Левицкий чыгып, аны президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев куттуктады. Ал эми экинчи орун үч ырчыга берилди – кыргызстандык Ислам Акматов менен Куралбек Чокоев жана тажик ырчысы Сабина Шамседге. Үчүнчү орун төрт адам ортосунда бөлүндү, алар – армениялык Ани Оганесян, кытайлык Ли Чжентао, орусиялык Кристина Дорошенко жана кыргызстандык жаш ырчы Адилет Азим уулу. Ысык-Көлдө өткөрүлген бул эл аралык фестивалга Кытай, Түркия, Түштүк Корея, Куба, Филиппин жана КМШ мамлекеттеринен – жалпысынан 17 өлкөдөн келген ырчылар катышты. Аны уюштурууга өкмөт 5 миллион сом кеткенин кабарлайт.

Алып баруучулардын ортосунда нааразычылыктар да болду

Фестиваль баштала электе эле Турциядан Мустафа Сандалдын келбей калышы бир топ талкууну жараткан эле. Фестивалды КТРК түз алып көрсөтүп жатты. Анысы го жакшы, бирок алып баруучулардын ортосунда да бир топ таарынычтарды, талаш-тартыштарды жаратты. Ассоль Молдокматова да аталган каналдын туура эмес иш алып барганын өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Ошондой эле таарынычты Анжелика Бекболиева да жазып чыкты. Конкурста катышкан катышуучулардын кээ бирлери Кыргыстандагы ЖОЖдордун студенттери экенин айтпаганда деле башкасы балтайып чыгып атпайбы. Анан дагы кээ бир алып баруучулардын көздөрү чарчагандан үлүрөйдүбү же бөдөнөнүн сүтүнөн “серп” эттирип алышканбы, айтор биринчи күнкү алып баргандарында кээ бирлери, жүлжүйгөн көздөрүн жүлжүйтүп эле алып барышты. Эл аралык деңгээлдеги Эл аралык фестиваль болуп жаткандан кийин, кыргыздын колоритиндеги бир көрүнүш менен баштаса болмок, бирок көрүүчүлөр түшүнбөгөн бир бий менен фестивалды башташты. Анысы да сынчыларга жакпай калды. Баса, Ассоль Молдокматова менен мушкер Алмазбек Райымкулов фестивалда кол кармашып эле Аврора пансионатында эс алып жүрүштү. Алар туурасында айтылган айың кептердин жалган экенин чогуу сүрөткө түшүп, четке кагып гана коюшту.

1

Бурулсун Сейталиева

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru