Айбат » Кыргызстанда биринчи жолу 3D тасма тартылууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Видео, Шоубизз » Кыргызстанда биринчи жолу 3D тасма тартылууда

1

Аскарбек Күрүчбеков жана Талант Рысалиевдин режисёрлугу астында “Бархатный сезон”  аттуу 3D тасмасынын биринчи кадрлары тартылып жатат. Башкы ролдордо  Талант Рысалиев, Ренат Тентимишев  жана Алтынай Махмутова. Кыргызстанда акыркы учурларда кыргыздардын кедейлигин, терс жактарын чагылдырган тасмалар көбөйүп жатпайбы, а аталган тасмада тескерисинче кыргыздын болгон жакшы жактарын, байлыгын көрсөтөбүз дейт киножаратуучулар. Тасма бир жаш адамдын тагдыры, жашоосу тууралуу болмокчу. Тасманын жүрүшүндө бир унааны жардырышат. Буга чейин Бишкекте кинотартуу үчүн атайын унааны жардыруу болбогонун да Талант Рысалиев баса белгилеп кетти.  Тасма тартууда эң жаңы делген техникалар колдонулуптур, эми тасма кандай сапатта болооору тасма тартылып бүтүп, көрүүчүлөрдүн сынына коюлгандан кийин чогуу баамдайбыз.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru