Айбат » Адахан МАДУМАРОВ, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын төрагасы: «Мамлекетти ойлошсо бир жөн…»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Адахан МАДУМАРОВ, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын төрагасы: «Мамлекетти ойлошсо бир жөн…»

Мадумаров Адахан

«Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» телеберүүсүндө «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров кызык нерсенин башын кылтыйтты. «Ата журт», «Чындык», «Акыйкат», «Улуттар Биримдиги» сыяктуу партиялар биригип, мекенчил күчтөрдүн бирикмесин түзүү тууралуу сүйлөшүп жатканын айткан журналисттин: «Мындай сүйлөшүүлөргө катышып жатасызбы?» деген суроосуна Адахан Кимсанбаевич: «Жок, биз эч качан сүйлөшүүлөргө катышпайбыз. Биздин сыртыбыздан тон бычкандар көп. Эгер Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган күчтөр болсо маселе жок» деп так кесе жооп узатты. Жогоруда аталган партия лидерлеринин Кыргызстандын келечегин эмес, жеке кызыкчылыгын көздөп бириккени жатканын айткан Мадумаровдун аныктамасына кошумча киргизүүнүн кажети жоктур.

Ошол эле берүүдө Мадумаров өзүнөн башка Кыргызстанда оппозиция жоктугун, оппозиция лидеримин деп жүргөндөр туруктуу позицияны тутунбай, кызмат берсе эле Ак үй тарапка өтө качарын айтып, оппозиция төбөлдөрүнүн абийирин айрандай төктү. «Мен гана чыныгы оппозиция лидеримин» деген Мадумаровго калган «кочкорлор» жабыла асылышат  чыгар. Мадумаровду «сүзүп» коюшпагай эле…



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru