Айбат » Чаткалдагы «Альянс» компаниясынын иши убактылуу токтотулду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Чаткалдагы «Альянс» компаниясынын иши убактылуу токтотулду

ЧаткалЖалал-Абад облусунун Чаткал районунда кен казып иштеген «Альянс» компаниясынын иши убактылуу токтотулду. Аты аталган фирманын иши азырынча убактылуу токтотулуп турат. Бегилей кетсек, 24-июлдун кечинде Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сарай-Сай участкасында алтын казып жатышкан кытайлардын “Альянс” тоо-кен фирмасынын жумушчулары жергиликтүү Өрүктү, Кызыл-Токой айылдарынын  он чакты тургунун сабап коюшкан. Жергиликтүү тургундар “Альянс” фирмасы турган жерден ылдый жашаган кыргыз айылдары иче турган таза сууну жогортон кытайлар булгап жатышканына нааразы болуп, алар менен сүйлөшүүгө барышкан. Кытай жумушчулары сандык жагынан көп болгондуктан 10 кыргыз жигитти төпөштөп кайра жолго салышыптыр. Бул көрүнүшкө ачууланган айылдыктар бүгүн таң атпай чогулушуп, азыр 300 дөй киши нааразычылык акциясын өткөрүп, “Альянс” фирмасынын алтын казуу ишин токтотуусун талап кылып жатышат.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru