Айбат » Жол кайгуул кызматынын жетекчисин өз ишин билбейт деп айыпташты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жол кайгуул кызматынын жетекчисин өз ишин билбейт деп айыпташты

Талантбек Исаев

“Талантбек Исаев мурун жол кайгуул кызматында иштебегендиктен, аталган структураны кантип башкаруу керек экендигин билбей жатат”. Мындай пикирин 25-июлда маалымат жыйыны учурунда Ноокат райондук жол кайгуул кызматынын мурдагы кызматкери Ибрагим Ханбаев билдирди. Анын айтымында, Талантбек Исаев иштин көзүн билбегендиктен өлкөдө жол кырсыктары көбөйүүдө. “Жакында эле Жети-Өгүздө жол кырсыгы катталып 14 адам каза болду. Бул ар бир райондо жол коопсуздугун 1-2 гана кызматкер көзөмөлгө алып жаткандыгынан кабар берип турат. Буга чейин бир эле райондо 5-6 адам жол коопсуздугун көзөмөлгө алып турчу, кырсыктар да көп болчу эмес. Бул кызматта адистердин жетишсиздиги, ишке алуудагы коррупциялык иштердин гүлдөгөндүгүнөн кабар берип турат”, – деди Ханбаев. Ошондой эле ал, кесипкөй кызматкерлерди иштен кетиргенден көрө Жол кайгуул кызматынын жетекчиси бул структураны жаңы жабдыктар жана мыкты адистер менен толукташы зарыл экендигин кошумчалады.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru