Айбат » Кытайдын мамлекеттик компаниясы Кыргызстанга жер семирткич чыгарган завод курат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кытайдын мамлекеттик компаниясы Кыргызстанга жер семирткич чыгарган завод курат

завод

24-июлда КРдин Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Кытайдын мамлекеттик ССТЕК компаниясы Кыргызстанда минералдык жер семирткичтерди чыгара турган ишкананы куруу маселелеринде өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу “ВБ”га аталган министрликтин агрардык саясат жана инвестиция башкы башкармалыгынын башчысы Болотбек Курманбеков кабарлады. Анын айтымында, эгемендүүлүк алгандан бери жер семирткич чыгара турган ишкананы куруу тууралуу маселе көтөрүлүп келген, бирок бул ишке ашкан эмес. Июнда Кыргызстанга иш сапары менен келген ССТЕК компаниясынын өкүлдөрү ишкананы толук бойдон өз каражаттарына курууга даяр экендиктерин билдиришти. “Долбоордун кандай болоорун айтуу азырынча эрте. Болгону меморандумга гана кол коюлду. Кытайлык ишкерлер эми техникалык-экономикалык негиздерди карап чыгышы керек. Маселе оң чечилсе айыл чарба өндүрүшчүлөрүнүн минералдык жер семирткичке болгон талабы толук камсыздалат”,- деп белгилейт Курманбеков



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru