Айбат » Орусия мигранттарга эрежелерди катаалдантат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Орусия мигранттарга эрежелерди катаалдантат

1

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Орусиянын федералдык миграция кызматы визасыз каттам киргизилген өлкөлөрдөн келген мигранттар үчүн 2014-жылдан тарта айрым эрежелерди өзгөрткөнү жатат. Ага ылайык, мигранттарга атайын уруксат талондорун берүү каралган. Бул талондор мигранттардын тышкы паспортуна чапталмакчы. Мындан улам Тышкы иштер министрлиги Орусияга кетип жаткан жарандарга тиешелүү документтерди иретке келтирүүнү эскертүүдө. Жаштар, эмгек жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Орусияда расмий түрдө 580 миңден ашык мигрант эмгектенип жүрөт. А бирок бейрасмий маалыматтар боюнча, бул өлкөдөгү кыргыз мигранттарынын мындан алда канча көп.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru