Айбат » Казакстанда кармалган кыргыз малчыларынын соту эки айдан кийин болот

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Казакстанда кармалган кыргыз малчыларынын соту эки айдан кийин болот

койчуБул тууралуу “Азаттыкка” Каракол чек ара аскер бөлүгүнүн саркери Кыялбек Төлөнбаев билдирди. Анын белгилешинче, Казакстан соту кыргызстандык беш малчынын баш коргоо чарасын карап, аларды эки ай убактылуу тергөө абыгында кармоо чечимин кабыл алды. Мындан мурда дагы эки малчыга ушундай чечим чыккан. Эми алардын соту эки айдан кийин болот. Ушул тапта Төлөнбаев малчылардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сүйлөшүүгө Каркырага жөнөп кетти. 11-июлда Ысык-Көлдүн Түп районун Корумду айылынын 9 тургунун Казакстан “чек араны бузду” деген айып менен кармап кеткен. Кармалгандардын жакындарынын айтымында, алар мал издеп жүрүп, чек арадан өтүп кетишкен. Буга чейин кармалгандардын арасында жашы жете элек бир өспүрүм менен дагы бир адам бошотулган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кармалгандардын ишин мыйзам чегинде тергөөнү жана аларды бошотууну өтүнүп, Казакстанга нота тапшырды.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru