Айбат » Кочкор электриктери 4 айдан бери маянасыз иштеп жатса жетекчилер “кресло” талашмай менен алек

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кочкор электриктери 4 айдан бери маянасыз иштеп жатса жетекчилер “кресло” талашмай менен алек

An Iraqi electrician checks the wires leading to a block of flats and all connected to a generator

Кочкор районунун РЭСтин башчысы Эрнис Шабданалиев 4 айдан бери эмгек маяна бербей жатыптыр. Кыштын күнү абоненттерди желкеге шилеп акча өндүрүүчүлөргө убал эле болгондой… Бул жайкы аптапта аялдарынан жеме жеген электриктердин абалын ким гана болбосун түшүнөт.  Мунун чоо-жайы эмне болгонун ким билсин аталган мекеменин башчысы Эрнис мырзанын ээлеп турган кызматын Манас Төлөмүшов деген талашып, “ордуңду бер” деп оомуроолоп, оозунан көк жалындарды чыгара жулунуп турган маалы экен… Шабданалиевдин 4 айдан бери айлыгын бербей кармап туруусу Төлөмүшов үчүн абдан  май тамып, кызматкерлерди өзүнө тартып  турган чагы дейт. Акырын бирден экиден жолуга калган кызматкерлерге “мен жетекчи болуп келсем, маянаңарды 4 ай эмес 4 мүнөт дагы кечиктирбейм” деп далыга таптап жатса, Шабданалиевдин шайы кетип кызматкерлеринин маянасын ала албай, чимкиригин тарта албай жүргөн кезеңи экен…  Ал эми Кочкор районун азыркы акими Жылдызбек Шералиев да бул тармакка “ачандик” болуп кеткени менен мындай кырдаалда эч кандай көңүл  бөлбөстөн сүйүктүү оюну волейболдон башы чыкпай, оюндун кызуусунан башын чыгара албай жүрөбү?!



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru