Айбат » Кубанычбек Исабеков: ““Ганси” авибазанын ордуна башкасын алып келүү керек”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Кубанычбек Исабеков: ““Ганси” авибазанын ордуна башкасын алып келүү керек”

Исабеков

Экс-вице-спикер Кубанычбек Исабеков Кумтөр маселеси боюнча актанууларын болгон ЖМК аркылуу “агызды”. Биздин редакцияга телефон аркылуу дооматын айтып, бир сыйра күпүлдөдү. Уктук… Негизинен Кумтөрдөгү нааразычылктарды уюштурууда эч кандай тиешем жок дейт. Андан тышкары тынч эле иштеп жаткан балама асылдыңар, америкалыктардын авибазасында биодааратаканалары менен шугулданып жүргөн жалгыз гана менин балам эмес  башкалар да толтура деди. Андан тышкары тескерисинче Кумтөр маселеси боюнча толгон-токой документтерди бийлик төбөлдөрүнө берип, жардам кылып жүргөнүн билдирди…  

 

-Кубанычбек мырза, Кумтөрдө болуп өткөн нааразычылык акцияны уюштургандардын арасында бар деген маалыматтарга карамайынча каршы чыгып, Германияда дарыланып жүргөнүңүздүү айтып келесиз… Негизинен мындай башаламандыктардын туристтик мезгилге таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

– Туристтик ишкерлер кеңешини кеңешчиси болуп иштеп жүргөн инсан катары айта турган болсом, мүмкүн. Бирок, жеке эле Кумтөрдө болуп өткөн инцидент эмес июлдун башында  Чолпон-Ата шаарына  болуп өткөн жергиликтүү тургундардын ортосундагы мушташтар болуп алар милиция кызматкерлери менен кагылыша кеткени көп таасирин тийгизип жатат. Анткени, казак туугандарыбыз телеканалдарынан байма-бай, утур-утур көрсөтүп жатышты. Бул дагы бир топ таасирин тийгизди. Көлдөгү пансионат ээлери менен телефон аркылуу байланыштым, алар казак туугандарыбыздын аз санда эс алууга келип жатканын айтышты. Орус туугандар келип жатышат дейт, бирок, жылдагы салыштырмалуу абдан аз экени байкалууда. Мына бул жаңжалдан катуу “үрктү” Кумтөргө караганда… Себеби, Жети-Өгүз жакка азыраак барат, көбүнчө Чолпон-Ата шаарына көбүрөөк барат эмеспи…

Ошол себептен туризмди өнүктүрүүдө   комплекстүү түрдө саясат жүргүзүү керек. Бир гана жайында боло турган Ысык-Көл менен гана чектелбешибиз зарыл. Кышкы туризм жана ар бир аймакта ар кандай кызыктуу, тарыхый баалуу жерлерибиз арбын. Ошолорду реклама кылып туристтерди тартууга аракет кылганыбыз оң. Жетекчилерибиз  ар кандай ярмаркаларга  катышып, Кыргызстандын жакшы жактарын көрсөтүп турушу аба менен суудай керек. Чет өлкөдөгү элчиликтерге атайын тапшырма берип, өлкөбүздү таанытуу шарт. Туризм өнүксө айыл чарба ж.б. көптөгөн тармактар өнүгөт.

-Бул темада кийинчерээк маек кураарбыз, кайрадан Кумтөр маселесине келсек, Кумтөрдөгү нааразычылыктардын алдын-алса болот беле?

-Болот эле… Жеке эле Президент, өкмөттү карап отурбастан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү алдына-ала алып, элдер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек эле… Бул канчадан бери эле болуп келе жаткан чыр… Чыр муну менен эле токтоп калбайт… Дагы деле боло берет. Андыктан улуттук консепция түзүшү керек. Туризмди, тоо кен иштерин иштете турган программасы жок өкмөттүн. Тоо кен тармактарын алып карасак,  бир гана Кумтөрдө эмес Андаш, Жерүй дагы башка кендерде да ушундай көйгөйлөр  көп.

-“Ганси” авиабазасындагы сиздин балаңыздын биодааратканаларын иштетип жатканы белгилүү… АКШ авиабазасын кетирүү боюнча кандай пикирдесиз?

-Жакшы эле карайм. Бул жерде жеке кызыкчылыкты мындай коё туруп, жалпы өлкө кызыкчылыгын алдыга койгонубуз оң… АКШ авиабазасын 2014-жылы чыгара турган болушту. Демек, чыксын, бардыгы мыйзамдуу түрдө болсун.  АКШ менен дагы мамилени бузбоо керек. Анткени, Кыргызстандын канчалаган жарандары эмгектенип жүрөт. Андан тышкары бир катар эл аралык уюмдар да дал ушул мамлекетте орун алган. Мисалы, БУУнун борбордук штабы. (Бул жерде баламдын  биодааратканасы  гана көрүнүп калды, ал жерде түрктөр ж.б. жарандарынын компаниялары бар. Аны эмнеге көрүшпөйт). Бирок, мен аскер адамы катары айта кетсем,бул базанын ордуна башканы алмаштыруу, башканы алып келиш керек. Мисалы, ЖККУнун Канттагы авиабазасы жетпейт, дагы керек. Себеби, Баткен окуясында 17 сакалчан кирип келип, Кыргызстандын генералдарын барымтага кармап, такыр эле уят болбодук беле… Кыргызстанда болгону 7 миң аскер бар. Анын дагы басымуу бөлүгү офицерлер. Курал жарак, куралдуу учак жагынан дагы абдан алсыздыгыбыз жашыруун деле эмес… Андыктан ЖККУнун авиабазасын алып келүү мезгилдин талабы. Сырткы күчтөрдүн таасири да абдан кыйын болуп турат. Ооганстан ажосу Хамид Карзайдын абалы оор. Мындан кимиси келет, жаңы келгенинин саясий көз карашы кандай болот ким билет… Ушул сыяктуу сырткы күчтөрдөн коркунучтар “тартууланышы” мүмкүн.

Маектешкен Улукбек Кутманбаев

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru