Айбат » Ысык-Көл облусунда 65 тонна 587 кг жапайы кара куурай жок кылынды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ысык-Көл облусунда 65 тонна 587 кг жапайы кара куурай жок кылынды

конопляЫсык-Көл облусунда «Мак – 2013» комплекстүү ыкчам иш-чарасынын алкагында 65 тонна 587 кг жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу маалыматты облустук ИИБ басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов аймактык кабарчы айтты. Анын айтымында, Ысык-Көл облусунун ИИБ кызматкерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте облустун аймагында 19179 га жерди изилдеп чыгышкан жана анын жүрүшүндө 748 га жер жапайы кара куурай басып кеткенин аныкташкан. Райондук мамадминистрациялардын маалыматында, иш-чаранын жүрүшүндө курамына 338 адам кирген 84 бригада түзүлүп, алар тарабынан 163 гектар аймактагы 65 тонна 587 килограмм кара куурайдын жашыл массасы жок кылынды. «Кара куурай» ыкчам иш-чарасынын алкагында Ысык-Көл облустук ИИБ тарабынан жапайы кара куурайды жок кылуу боюнча чара болбогондугу үчүн облус боюнча 271 административдик протокол түзүлүп административдик комиссияларга жиберилди», –дейт С.Усубакунов.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru