Айбат » Өзбек туугандар, чындыкты жазгыла!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Өзбек туугандар, чындыкты жазгыла!

!

Кыргыз эли «бир боордош элибиз» деп өзбек туугандарды канчалык бооруна тарткан сайын, алар боорго тепмей адаттарын таштай албай келишет. Качан болсо чек арага жакын жайгашкан кыргыз айылдарына коркунуч жаратып, коркутуп-үркүтүп, жадакалса мал-жанынан өйдө айдап кеткен учурлары көп. Кең пейил, айкөл кыргыз эли кошуналардын мындай жоруктарына нааразы болгон менен, эч качан аларды душманындай жамандап, бир беткей каралаган учуру боло элек.

Кечээ жакында эле Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Өзбекстан менен чектеш аймагында эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда түшүнбөстүк болуп кетип, натыйжада эки өзбек чек арачысына ок тийген эле. Алардын бирөө ошол эле замат жан берген. Экинчиси дагы ооруканада көз жумду деп өзбек ММКсы жазып чыкты. Бирок, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Искандер Мамбеталиев экинчи чек арачынын көз жумгандыгы тууралуу кыргыз тарап расмий тактама ала электигин билдирди. Азырынча бул өзбек ММКсынын версиясы болууда.

Ошол эле учурда өзбек ММКсы бул окуяны аябай чуулдатып, кыргыз тарапты бир беткей жамандоо менен алек болууда. Жадакалса, «өзбек чек арачыларынын өлүмү үчүн кыргыз тарап күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурады» деп да жазып чыгышты. Аны орус тилдүү маалымат сайттары да эч өзгөртүүсүз кайталап басып алышты. Азырынча иликтөө иштеринин эч кандай жыйынтыгы чыга элек жатып, кыргыз чек арачыларын мас абалында болгон, Өзбекстандын аймагына кирип келип, биринчи ок чыгарышкан деген маалыматтарына карап, эмнеге алар дос-туугандан душман издегилери келип жатышканын түшүнбөйсүң? Өзбек туугандардын минтип бир жагынан коңшулаш, экинчи жагынан тууган элди бир беткей каралап жаткандарына жараша биз да ошондой жооп берсек, эки элдин ортосуна жарака кетирүүгөсалым кошуп алган болобуз. Андыктан алардын деңгээлине түшпөй эле коелу. Бирок, акыйкаттык үчүн алар жазып жаткан маалыматтардын бардыгы карандай калп экендигин айтып койсок ашыкча болбос.

Маселен, ошол окуяга катыштыгы бар кыргыз чек арачылары медициналык текшерүүдөн өтүшкөндө, эч кандай алкоголдук ичимдик ичишпегендиги аныкталган. Эч кандай наркотикалык зат дагы колдонушкан эмес. Анан дагы өзбек ММКсы жазгандай, алар өзбек чек арачыларын Өзбекстандын аймагына кирип барып атышкан эмес. Окуя Кыргызстандын аймагында болгон. Ырасын айтканда өзбек чек арачылары биздин аймакка өтүп кетип деле эч кандай жазасыз калган учурлары болгон. Бирок, чыдамдын дагы чени болот эмеспи?

Искандер Мамбеталиевдин айтымында, бул окуянын болушуна адамдык фактор таасир эткен. «Бул Өзбекстандын айрым чек арачыларынын кайтарууга алынган аймактын өзгөчөлүктөрү боюнча түшүнбөстүктөрү жана билбестиктери» дейт Искандер мырза. Ырасында эле ошондой.

Бирок, ошол эле учурда саясат таануучу Марс Сариевдин айтымында, бул Өзбекстандын ички саясый тирешинен улам келип чыккан провокация. «Алар Рустам Азимов менен Гульнара Каримованын карама-каршылыгын карап турушат, тактап айтканда Өзбекстанда ички кландык күрөш жүрүүдө. Ушундай жол менен алар ички элиталык карама-каршылыкты жоюуну көздөшүүдө» дейт Марс Сариев.

Эгерде өздөрүнүн ички саясый абалын оңдош үчүн, коңшулаш мамлекеттер менен мамиле бузууга барышса, ал жакшылыкка деле алып келбейт. Андыктан өзбек туугандарды сабырдуулукка, акыйкаттуулукка, чындыкты жазууга чакырып кетет элек.

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru