Айбат » Жеке таарынычын саясатташтырып, Кыргызстан калкынын 1%дык ишенимине дагы арзыбаган Суваналиевдин жүзү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Жеке таарынычын саясатташтырып, Кыргызстан калкынын 1%дык ишенимине дагы арзыбаган Суваналиевдин жүзү

Өмүрбек Суваналиев

«Айдаганын беш эчки, ышкырыгын таш жарат» же «Сынчынын сыңар өтүгү майрык» макалы генерал Өмүрбек Суваналиевдин саясый бейнесин ачып тургансыйт. Өмүрбек мырзаны чыныгы генерал деп сыйлап жүрсөк, мунубуз деле сайрап, сындагандан бөлөккө жарабаган саясатчылардын бири экен.

«Жигит бир сүйлөйт» дейт акылман элибизде. Ал эми бул накылды Суваналиев «Эки тоонун чөбүн эңсеген эчки арам өлөткө» алмаштырып алыптыр. Анын туруктуу позициясынын жоктугу 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо так билинди. Алгач «Республика» партиясына кошулуп, кийинчерээк «Ата журттун» босогосун сагаалап, лидерликти бербей койгон соң «Содружествого» секирип кетти. «Секирчектигинин» айынан «уйдан жок же уй байлаган жиптен жок» ай-талаада калды. Өмүрбек Суваналиевдин жана анын шилекей алышкан досу Бегалы Наргозуевдин эл арасындагы кадыр-баркы ушунчалык «жогору» экен, «Содружество» партиясы маарага жетпей жыдыды.

«Жыгылган күрөшкө тойбогон» сыңарындай, ар кайсы партиянын этегин ачып, акырында «ай караган текедей» талаада калган Суваналиевдин амбициясы сакадай боюнан дагы жогору турат экен. «Мен генералмын. Кыргызстанды мен гана сактай алам, мен гана өнүктүрө алам» деп 2011-жылдагы президенттик шайлоого аттанды. Мында дагы эл арасындагы «кадыр-баркы» билинди, Өмүрбек Исаакович бүркүт сыңарындай көктү эңсеп, аска-зоолорду жандай учууну көксөгөнү менен канаты бар бирок уча албаган тооктой жерден көтөрүлө албады. Кыргызстан калкынын 1%га жетпегени, тактап айтсак, шайлоочулардын 0,87%ы Суваналиевге добуш беришиптир. Артынан ар гандай сөз ээрчисе дагы «Мекен ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек Асанбековдун авторитети чоң экен, 0,92% менен Суваналиевди чанында таштады.

«Президент болуп, Кыргызстанды оңдодум, эми Бишкек шаарын тартипке салайын, экономикасын көтөрөйүн» дегенби, былтыр Бишкек шаардык кеңешине «Ар-намыс» партиясынын атынан катышып, мэр болмокчумун деп чыкты. Мэрликти мындай кой, борбор калаанын тургундары «Ар-намысты» жээрип, шаардык кеңештин босогосун аттатпай коюшту. Ошентип, Өмүрбек Суваналиевдин эл арасындагы «аброю» үчүнчү жолу тастыкталды.

Илгери жигиттерибиз жеңилгенин мойнуна алып, атаандашын куттуктачу эле. Ал эми Суваналиев генерал болгону менен, жигиттик сапаттан куру жалак калган окшойт, жеңилгенин мойнуна тарткандын ордуна, кан досу Наргозуевдин сайты, анан өзүнө ымалалаш журналисттеринин калеми менен бийликти дүңкүлдөтө «согуп» атыры. Турсунбек Акундун «бомбасы» өзүнө «жарылгандай» болуп, кыргыз элинин 1%дык ишенимине да арзыбаган генералдын кургак сындарына эч ким деле көңүл бурган жок.

Эми Суваналиевди туура түшүнөбүз дегилечи, президенттин бир сөзүнө аялуу аялзатындай болуп таарынып, ошол таарынычын ушундай сындары – «бомбалары» менен чыгарып жатат. Бирок, чыныгы мырзалар кечиримдүү, айкөл болуп, жеке таарынычын, жеке мамилесин саясатташтырчу эмес эле, мындай усулдан куру жалак калган генералчик Суваналиевдин эртеңин элестете албай турубуз. Бир сөзгө ушунча теригип, долу эжекелерче бир сөзүн улам кайталап, бийликти шыбай берген адамдан акыры элдин деле көңүлү кайт болот эмеспи?

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru