Айбат » «Ата-Журтту» теңине албаган, Келдибековду мактаган Адахан Мадумаров

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » «Ата-Журтту» теңине албаган, Келдибековду мактаган Адахан Мадумаров

Мадумаров АдаханСаясатка келгени тили менен буудай кууругандан башка мамлекет үчүн жарытылуу иш жасабаган Адахан Мадумаров деген бар. Балким, жакшы журналист болмок, бирок жакшы саясатчы боло алган жок. Акаевдин заманында укмуштуудай кооз сөздөрү менен карапайым элдин кулагынын кычуусун кандырып, «ой ушул бала укмуш, эл үчүн иштейт го» деген мактоолорго арзычу. Бирок, Бакиевдин заманында сүйлөгөн сөздөрүтаптакыр тескерисине кетип, жадакалса айыл аксакалдары менен жолукканда да, аларды кагып-силкип, өзүн Бакиевдерден кийинки эле Кыргызстандагы кыйын сезип калганы бар. Бакиевдердин «колтугу» Адаханжанга аябай жаккан экен. Бүгүнкү күнгө чейин ошол кездеги эйфориясынан чыга албай, Бакиевдердин заманына куса болуп, сагынып жүргөн кези. Конулга жатып алып, бүгүнкү күндө мамлекетибиздин алдыга өнүгүшү үчүн олуттуу салымын кошуунун ордуна, өзү айтмакчы досторунун, тарапташтарынын акчаларына жанын багып, хан сарайында улам бир оппозициячыл саясатчылар менен жолугушуу өткөрүп коюп жатат. Өзү бийликте турганда Жогорку Кеңештин имаратын жаңгак жыгачы менен көркөмдөп койгондон бөлөк иш жасабаганы менен бүгүнкү бийликти сындап жатса, «Кайсы арына сындап жатат?» дебеске чара жок. Көптөн бери «атажуртчу» депутат Акматбек Келдибеков менен жолугуп, бир партиянын алдына баш калкалоо тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышкандыгы тууралуу массалык маалымат каражаттары жазып келишкен. Төгүн маалымат эмес экен. “Саясий планда мен Келдибеков менен чогуу иш алып барганга даярмын. Бул маселе боюнча сөз болгон, бирок учурда расмий сүйлөшүүлөр жүргүзүлө элек”, – дейт Адаханжан мырза. Бирок, анын айтымында ал Келдибековдун партиясы менен эмес, анын өзү менен гана биригет. Мындан улам Камчыбек Ташиевдин кан досу Акматбек Келдибеков досун ар дайым кыйынчылык кезеңдерде сатып кетет деген кептин бекер айтылбаганын эстейсиң. Эске сала кетсек, президенттик шайлоо алдында спикер болуп туруп, досу Камчыбек мырзага далысын салып койгонун билебиз. Эми минтип анын үстүнөн клмыш иши козголуп Жогорку Сотто каралып жатканда дагы досунун жанында болбостон, башка бирөөлөрдүн этегине эрмешип жүрөт. Ал эми Адаханжан мырза болсо «Ата-Журттун» ичинен бир гана Келдибеков менен биригүүнүн көздөгөнүнүн да себеби бар. Биринчиден, экөө бирдей Бакиевдин кадры. Болгондо да алакөөдөн Камчыбек Ташиевдей эмес, анча-мнча алды-артын байкап иш кылышкан куулуктары башынан ашкан саясатчылар. Ошондон улам Мадумаров өзү айтмакчы «райондук деңгээлдеги лидер» Камчыбек Ташиевди жанына жакын жолоткусу келбейт. Экинчиден, президенттик шайлоо маалында Ташиев менен Мадумаров өздөрүнө тиешелүү басылмалары аркылуу бири-бирин ой-да шыбап алышкан. Мына ушундай жол менен алар бири-биринин рейтингин түшүрүп, башкы талапкер Алмазбек Атамбаевдин рейтингин көтөрүүгө жардам беришкен болчу. Ырасында Ташиевдин жадакалса райондук деңгээлдеги да лидер боло албастыгын өткөн жылы Ак үйдүн тосмосун ашып баратып далилдеди. Досунун мектеп партасынан чыгып кеткенине 30 жылга жакындап калса дагы жаш балдардын жоругун кыла бере тургандыгынан Акматбек мырза дагы уялып калса керек. Ошондон улам Ташиевдин калпыс кадамдары анын да кадырына көлөкө түшүрүп койбос үчүн оолак эле болууну каалап жатат болушу керек. Бирок, Мадумаров менен Келдибековдун «баш кошуусу» деле келечектүү деп айтуу кыйын. Анткени экөөнүн тең амбициялары аттын башындай. Буларды азырынча биригүүгө мажбурлап жаткан жагдай саясаттагы «жалгыздыктары» жана Бакиевдердин заманын көксөгөн кусалыктары болууда…

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru