Айбат » “Кумтөр” экологияны бузбайт, тескерисинче, коргойт!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Кумтөр” экологияны бузбайт, тескерисинче, коргойт!

кумтор

“Кумтөр” алтын кени экологиябызды кууратмай болду. Кенди иштеткен инвесторлор экологиябызды ойлобойт” деген айрым жармач патриоттордун кыйкырыгы суу кечпеши күн өткөн сайын тастыкталууда. “Кумтөр” экологияны бузбай, тетирисинче, экологияны коргоорун аталган компаниянын президенти Майкл Фишер журналисттер менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Оппозициячыл маанайдагы көзкарандысыз эксперт Динара Кутманова “Кумтөрдүн” жаратылышка тийгизген кесепети 5 млрд. долларды чапчырын билдирип, оозубузду ачырганы белгилүү. Бирок, бул кезектеги “жөө жомок” экенин эл аралык эксперттер далилдешти. М.Фишердин айтымында, ушу кезге чейин мамлекеттик комиссия атайын эл аралык эксперттердин, экологдордун катышуусунда алтын кени жайгашкан аймактын экологиялык абалын текшерип чыгып, Кутманованын “сенсацияларын” жокко чыгарыптыр. “Кутманова айым акыркы 18 айда “Кумтөр” айланасындагы экологияны текшерүү боюнча ар кандай комиссияларга мүчө болгон. Бул комиссиялардын Кутманованын айткандарын төгүнгө чыгарган жооптору биздин веб-сайтка (www.kumtor.kg) жарыяланган. Акыркы алты айда “Кумтөрдүн” айланасында бир канча экологиялык маселелер көтөрүлдү жана жакынкы алты жумада анын баары өз-өзүнчө каралат. Ошондой эле компания өндүрүш калдыктарын сактоочу жай бышыкталып, көзөмөлдөнүп жатканын айта кетейин” дейт ал.

“Бул боюнча компаниянын атайын стратегиясы бар, – дейт Майкл мырза. – Анын негизги багыты Сарычат-Эрташ мамлекеттик коругу жана илбирсти коргоо боюнча ар кандай уюм, өкмөттүк эмес уюмдар менен тыгыз иштөө болуп саналат. Алтын кени иштетилип келаткан жылдар ичинде аталган коруктагы илбирстердин саны өскөнүн баса белгилей кетейин. Биздин билишибизче, азыр корукта илбирстин саны 18ге жетти. Буга кошумча аркар-кулжалар да көбөйүп калды. Ошондой эле компания браконьерликти азайтып жаткан Сары-Мойнок экологиялык постуна колдоо көрсөтүп келет. Биз немец инвесторлору Каракол коругун каржылоодон баш тартышканын сиздерден угуп отурабыз. Эгер Каракол коругунун жетекчилиги бизге расмий түрдө кат менен кайрылса, биз жардам берүүгө аракет кылабыз. Андыктан мындан ары да биз жоголуп бара жаткан жапайы айбанаттардын түрү сакталып, көбөйтүлүшүнө шарт түзүүгө даярбыз. Өзүңүздөр билгендей, 2,5 жыл мурун көзү ооруган илбирстин эки баласын таап алып, аталган корук кызматкерлерине тапшырганбыз. Быйыл сентябрда өтө турган тоо илбирсин коргоо конференциясынын бир бөлүгүнө демөөрчү болобуз” деген Фишердин кеби көп нерседен кабар берет.

Жогоруда айтылгандар – бир-эки гана мисал. Мындай мисалдарды келтире берсек гезит бети түт келбес. Андыктан, жалган жалаа жаап, “беш өрдөгүн учургандарга айтарыбыз бул: курулай сындаганды токтотуп, экологияга кам көргөн компанияны колдоп, берген убадасынын өтөөсүнө чыгышы үчүн ага жардам берсеңер!

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru