Айбат » Кабай Карабеков: Көпчүлүк журналистерге Максим жана Елисеев акча төлөп берет, муну баары эле билишет

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кабай Карабеков: Көпчүлүк журналистерге Максим жана Елисеев акча төлөп берет, муну баары эле билишет

Кабай Карабеков17- июлда Россиянын «Коммерсант» гезитине шилтеме берүү менен  КРнын экономика министри Вашингтон Максим Бакиевдин америкалык банктардагы 3 эсебин тоъдурганын жана аларда 74,4 миллион доллар бар экендигин маалымдады. Буга жооп катары 17-июлда Eurasianet.org сайтында экономика министри Темир Сариев «мурдунун учунан башканы көрбөгөн» билдирүулөрү менен, өткөн чагы күмөн санаткан популист экенин айткан макала жарык көрдү. CA-News Кабай Карабековдон Eurasianet. Сайтына чыккан макала боюнча маектешти.
Кабай карабековдун оюу боюнча журналистердин 90% Максим Бакиевди коргоп жатышат.
Максим Бакиевдин 3 эсеби тондурулганын, АКШнын мамлекеттик департаментинин делегаттары «Манас» базасын чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө  маалымдашкан дейт Кабай Карабеков.
Бул маалыматка болгон реакция абдан таң калтырды, эч ким мындай реакция болот деп күткөн эмес. Бакиевдин эсептери тоңдурулганын айтар замат, журналистер Максим Бакиевди коргой башташты, бул болгону уурдалган акчалардын 6-7гана пайызы, эгер биз көбүн айтып чыксак кандай болорун элестете да албайм. Демек ким чындыкты айтса ал жаман, ал эми өлкөнү тоноп кеткен Максим Бакиев жакшыбы? Көпчүлүк журналистерге Максим жана Елисеев акча төлөп берет, муну баары эле билишет. Максим Бакиевди коргогончо акчаларды кайтаруга жардам беришпейби, -дейт Кабай Карабеков.
Бизде акчаларды кайтарып алуу боюнча тажрыйба жок, болгону бир эле прецедент болгон. Бул Данияр Үсөнов менен Либерман аттуу адвокатка мамлекеттик бюджеттен Акаевдин үй-бүлөсү чыгарып кеткен акчаларды кайтаруу боюча жардам берет деп төлөп бергенде болгон. Ал эми Либерман болсо шылуун экени аныкталган, ал эми акча болсо төлөнүп берилген. Ошондуктан бизде тажрыйба жок, – деди Кабай Карабеков.
Ошондой эле ал Akin Gump эл аралык юридикалык компаниясынын өкүлдөрү да банктык эсептердин бар экенин жана ал эсептерге камакка алуу чарасы колдонулганын бекемдейт.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru