Айбат » Алмазбек Атамбаевдин Guardian гезитине болгон билдирүүсү жаңылык эмес – ТИМ

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Алмазбек Атамбаевдин Guardian гезитине болгон билдирүүсү жаңылык эмес – ТИМ

GuardianКыргызстан президенти Алмазбек Атамбаевдин Guardian британ гезитине берген маеги Улуу Британия үчүн жаңылык деле эмес, деген пикирин K-News агенттигине КР Тышкы иштер министрлигиндеги булак билдирген.

Анын айтымында, кыргыз тарап Улуу Британиялык кесиптештери менен дайыма байланышта болуп турат жана Максим Бакиевди экстрадициялоо боюнча өз позициясын ачык айтып келе жатат.

“Улуу Британия үчүн бул андай деле таң калтыра турган билдирүү эмес. Биз бул тууралуу аларга бир жылдан бер айтып келе жатабыз. Алар болсо өз кезегинде комментарий берип атышат. Биз позициябыз тууралуу ачык айтканбыз, Британия үчүн бул сюрприз эмес”, – деди ТИМ өкүлү.

Эскерте кетсек, өлкө башчысы Guardian гезитине берген маегинде Максим Бакиевди калкалап алган Улуу Британияны кош стандарттуулук боюнча айыптаган.

“Британия (Муаммар) Каддафи же Башар Асаддын балдарын калкалап атабы? Эмне үчүн Кыргызстанга карата кош стандарттуулук мамиле жасалып атат? Британия “биз Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөрдү жасоодо жардам бергибиз келет” дейт. Бул калп. Силер бизди тоноп кеткен адамды калкалап атасыңар. Биз бул акчага таза шайлоо өткөрүүнү каржыламакпыз”, – деп Атамбаев айткан.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru