Айбат » Экс-ханзаадага, кримавторитеттерге «адвокат» болгондор…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Экс-ханзаадага, кримавторитеттерге «адвокат» болгондор…

Максим Бакиев

Заманыбыз кайда баратканына түшүнүп болбой калды. Биздин айрым кесиптештерибиз Кыргызстанды, кыргыз элин сүлүк курттай соруп, миллиондорду жыйнаган бойдон качып кеткен бозгундарды, сыртта жүргөн кримавторитеттерди жата калып коргой баштаганы өкүндүрөт.

ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги Рафик Мамбеталиев маалымат жыйынында кримдүйнөнүн лидери Алманбет Анапияевдин тобундагы жети адам Москвадагы боордошторубузду коркутуп, акчасын, мүлктөрүн тартып алганы үчүн кармалып, депортацияланганы жатканын жарыялаган болчу. А.Анапияевдин адвокаттары Самат Заков менен Данияр Маманов дароо маалымат жыйынын өткөрүп, жогорудагы маалыматты төгүнгө чыгарышты. Анапияевден оңбогондой каражат алып жаткандан кийин адвокаттар аны жамандамак беле, жанталаша акташат эмеспи. Бирок, Анапияев ысык Дубайда жатып алып, Россиядагы мекендештерибизди кысып, анысын адвокаттары аркылуу төгүндөгөндүн ордуна, Кыргызстанга келип, өзүнүн актыгын далилдесе куп жарашмак.

Албетте, Анапияевдин мекенине кайтып келгенге духу жетпейт, келсе бир кезде кылган иштери үчүн мыйзам чегинде жазасын аларын түшүнөт. Ошон үчүн, сыртта качып жүрбөйбү. Ал эми айрым журналисттер аны көкөлөтө мактап, «улуттук баатырга» теңегенин укканда «күйбөгөн жерин күл болот» да. Мисалы, «Алиби» гезитинин башкы редактору Адилет Айтикеев Анапияевди койнунда жаткан жубайындай коргоп, ал тууралуу айтылгандарды жокко чыгарыптыр. Расмий орган саналган ИИМдин иш-аракетин, болгондо да Россиянын ички иштер кызматы менен чогуу жасаган операциясын жокко чыгаргандай Айтикеев ким? Ал эмне сот же Анапияевдин адвокатыбы? Баарынан таң калганыбыз, түз болбосо да кыйыр түрдө экс-ханзаада Максим Бакиевди «пропагандалаган» Бегалы Наргозуевдин сайтында Айтикеевдин «адвокаттык макаласы» жарыяланып жатпайбы…

А.Анапияев менен катар Кыргызстандын, кыргыз элинин чекесине чыккан чыйкан болгон, катардагы ишкерден заматта миллиардер-олигархкка айланган Максим Бакиевге «адвокаттык» кылган журналисттер пайда болду. Максим Бакиевдин койнунда жатып, анын кийим-кечегин үтүктөп берген аялындай болуп анын галстугун Өмүрбек Текебаевдин мойнунан көрдүк, Текебаев Максимдин галстугун уурдап алган го деп жазып чыккан журналисттердин «шедеврин» окуганда жаканды кармайсың. Ошол эле журналист апрель окуясында каза тапкан баатырларга, деги эле Бакиевдин кандуу бийлигин кулаткан карапайым калкка шек келтирип, эски заман кайтып келсе экен деп эңсегендей маанайдагы макала жазыптыр. Мына ушулардын баары окуп отуруп, эркин журналист Кабай Карабековдун Максим Бакиевдин камчысын чаап, анын заказын аткарган журналисттер бар, алар Максимден акча алып турушат деген маалыматты бекеринен жарыялабаганына ишенесин.

Алманбет Анапияев сыяктуу кримавторитетти, Максим Бакиев сыяктуу эл аралык масштабдагы аферистти айга, күнгө теңеген журналисттер Кыргызстандын эртеңин ойлор бекен? Же алар үчүн мамлекеттин тагдыры бир тыйын, арзыбаган акча гана керек болуп калганбы?

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

2 комментарий

  1. Эми ушуну ойлоп таптынарбы? Жоо жомок,ким ишенет буга? Уюшкан кылмыштуу топ мына ушул Р Мамбеталиев, М турганбаев тош болгон андан чондору баш болгон, жеп жутаарлар экенин эл билбейби?

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru