Айбат » Аликбек Жекшенкуловду эч бир саясатчы теңине албайт. Керек болсо Мелис Мырзакматов дагы…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Аликбек Жекшенкуловду эч бир саясатчы теңине албайт. Керек болсо Мелис Мырзакматов дагы…

Аликбек ЖекшенкуловӨзүн калыс саясатчы катары эсептегени менен, мамлекеттеги стабилдүүлүктү жоготуп, бийликтин алмашып кетишин көктөн көксөп отурган «Акыйкат» партиясынын төрагасы Аликбек Жекшенкулов акыркы учурларда ар кайсыл оппозициячыл саясатчылардын эшигин каккылап, «Кошулбайлыбы» таризин жасап жүргөндөгүкербези. Бизге жеткен маалыматтар боюнча көпчүлүк саясатчылар Аликбек мырзанын көңүлүн кыйбай, «ойлонуп көрөлү, жообун айтабыз» деген жылуу сөздөрүменен далысынан таптап узатып коюп жатыптыр. Бирок, дымагы таш жарган Жекшенкулов массалык маалымат каражаттарына Кыргызстандын мекенчил күчтөрүжаңы оппозициялык кыймыл түзүп жатканы тууралуу бабырап жиберген эле. Демек, мекенчил күчтөрдүн арасында өзү жана анын партиясы да бар дегенди түшүнсөк болот. Бирок, тилекке каршы анын партиясынын атын жана өзүн гана жакшы тааныбасак, партиясынын мүчөлөрүнөн деги эле төбөсү көрүнгөн бирөөжарымын көрө албадык. Же, партиясынын аты эле бар, заты жокпу, айтор… Анан да кызыгы жаңы оппозициялык кыймылга Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун «Улуттар биримдиги» партиясы да киргендигин маалымдап жиберишкен. Көрсө, Аликбек мырза дагы «беш өрдөк» учурганды үйрөнүп алган экен. Бирок, анысы алыска уча алган жок. Себеби, «Улуттар биримдиги» партиясы жаңыдан түптөлүп жаткан кыймылга кошулушпаганын расмий жарыялашты. Ырасында сунуш болгон экен, бирок, ал сунушту азыркы күнгө чейин «Улуттар биримдиги» караша элек. Демек, Аликбек мырзанын снушун аталган партия өтөмаанилүү деп эсептебейт. Ага болбой эле «кошулат да» дегенсип, алдын-ала эле «Улуттар биримдиги» партиясы да кошулду деп оозу-мурду кыйшайбай сүйлөгөн Жекшенкуловго жол болсун деп туралы. Ал ортодо дагы бир дымагы күчтүү саясатчы Адахан Мадумаров «Ата-Журт» партиясы менен эмес, андагы Акматбек Келдибеков менен биригүүгө бара ала тургандыгын жарыя кылды. Демек, ал партиядагы калган каткандарын деги эле теңине албайт дегенди түшүнсөк болот. Бул жагы түшүнүктүү. Себеби, аталган партиянн дагы бир лидери болуп эсептелген Камчыбек Ташиевди Адахан Мадумаров «райондун деңгээлиндеги лидер» атаган. Демек, партия лидери райондун деңгээлинде болсо, калгандары айылдын эле деңгээлинде болуп калбайбы? Ошондон улам Мадумаров керсейген калыбынан жазбай, «Ата-Журт» партиясын теңине албай турат. Келдибеков дагы партиялаш достору Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевден боюн оолак кармап, Кимсанбай аксакалдын уулуна бой салып жатканын оңой эле байкасак болот. Мындан улам бир Туунун алдына бириккилери келген оппозициячыл саясатчылардын ар бири өз амбицияларын жыйыштырып алмайынча эч качан бириге албай тургандыктары көрүнүп калды. Ал эми эки-экиден болуп биригип жаткандарынын деле бир гана максаттары бар бийликке жетүү. Андан башка идеялары, стратегиялык багыттары жок. Ал эми жалпы мамлекеттик деңгээлдеги идея, өнүгүү стратегиясы болмоюнча бир Туунун алдында баш калкалоо кыйын…

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru