Айбат » Анапияевдин балдары Батукаевдин атын сатып, чет жактагы мекендештерибизди тоноп жүргөнбү?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кылмыш » Анапияевдин балдары Батукаевдин атын сатып, чет жактагы мекендештерибизди тоноп жүргөнбү?

1

“Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаев камактан чыгары менен оппозициялык кыргыз ММКларында анын уюшкан кылмыштуу тобу Россиядагы кыргыз мигранттарына салык сала баштаганы тууралуу маалыматтар байма-бай чыга баштаган.

Бул имиштерге карата ИИМ басма сөз кызматынын жетекчиси Жоробай Абдраимов аларга мүмкүн боло турган жабыркоочулардан эч кандай расмий арыз келип түшпөгөнүн билдирген. Бирок укук коргоо органдары бул багытта иш жүргүзүп жатышкандарын кошумчалаган.

Жүргүзгөн иштеринин акыбети тез эле кайтты. Ушул аптанын башында Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев маалымат жыйынын өткөрүп, кызыктуу кабар айтты.

Анын айтымында, Россия Федерациясынын кылмыш иликтөө башкармалыгы менен биргеликте алар Москва шаарынан уюшкан кылмыштуу топту кармашкан. Бул топтогу кармалган жети адам  Кыргызстандын жарандары, ал гана эмес,  Алманбет Анапияевдин кылмыштуу тобуна тиешелүү болуп чыккан. Бул кылмыштуу топтун мүчөлөрү Россияда жүргөн мекендештерибизге кол салып, коркутуп, ур-токмокко алышып, тоноп жүрүшкөн. “Негизинен ал жакта кыргыз жарандарын кыргыздар эле тоноп келишет. Ал эми Батукаевдин үстүнөн 1—2 арыз түшкөн. Азыр анын үстүнөн иликтөө иштери жүрүүдө. Биздин маалыматтар боюнча Батукаев азыр Россия Федерациясында дарыланып атат”, – деп белгиледи Рафик Мамбеталиев.

Эми өзүбүз деле ойлонуп көрсөк. Оорулуу Батукаев кыргыздарды тономок турсун, түрмөдөн кутулганына сүйүнүп, ден соолугунун камын көрүп жатса керек. Ал эми анын мекендештерибизге салык салып атканы тууралуу имишти атайылап оппозиция таркатып атканын, ал эми Жаныш Бакиев менен күнү бүгүнкүгө чейин байланышы бар Анапияевдин балдары болсо Батукаевдин атын сатып, өз боордошторун тоноп жүргөнү бери дегенде эле уят иш эмеспи?

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru