Айбат » К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытов адвокаттарынын жардамы менен сотту создуктуруп атышат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытов адвокаттарынын жардамы менен сотту создуктуруп атышат

1

“Ата Журттун” үч депутаты – Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун Жогорку соттогу отуруму 6-августка жылдырылды. Мындай чечим К.Ташиевдин адвокаттарынын өтүнүчү менен 23-июлдагы сот отурумунда чыгарылды. Алар 31 күн сурашып, бул мөөнөттө иштин чоо-жайын изилдешмек экен. А бирок ушунчалык узак мөөнөттү талап кылып аткан адвокаттар мурдатан эле иликтөө иштерине да катышканын, биринчи жана экинчи инстанциядагы сот ишине катышып жүргөнүн кантип тана алат? Бул жөн гана шылтоо болуп калды көрүнөт. Ошол себептенби, кыскасы, сот буларга 6-августка чейин гана убакыт берди.

Сот процессине депутаттар толук катышпаганы аз келгенсип, аларсыз деле адвокаттарынын катышуусунда өтө турчу сот, адвокаттарын да сыйпалап издеп таппай калды. Сотко жалгыз Талант Мамытов келиптир. Анын айтымында, алардын адвокаттары башка процесстери болгондуктан, ошол жактан колдору бошобой калыптыр.

Ал эми бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Талант Мамытовдун коргоочусу И.Журабаевдин Свердлов райсотунда процесси бар экен. А бирок ал башка күнгө которулганы маалым болду. Ал эми Ташиевдин адвокаты И.Айткулов Биринчи май райсотунда процессим бар деп шылтоологон экен, анысы саат эртең мененки 11де эле аяктаптыр. Демек, адвокаттар бош болсо да, калп шылтоолорду ойлоп таап, Жогорку сотко келүүдөн баш тартышкан. Анткени өтүнүч бере берүү сотту улам кийинкиге жылдыра берүүнүн эң мыкты ыкмасы экенин бул адвокаттар беш колундай билишет.

Ушундан улам депутаттардын сот процессин атайылап узартуу, убакытты созуу аракеттери байкалып калды.

Депутаттар эмне себептен ушундай аракеттерге барууда? Анткени булар өз актыгын далилдей аларына өздөрү күмөн. Эптеп процессти күзгө чейинсүйрөп, ага чейин тапчу жерден каражат таап, айрым күчтөрдү бириктирип, учурдагы бийликтин алсыз жерлерин чукуган нааразычылык акцияларынөткөрүп, колдон келсе, күздө бийликти төңкөрүп чаап, анын аркасы менен сот жоопкерчилиген кутулууну көздөп жатышат. Ал эми Ташиевдин пландарын болсо – Наполеондук деп атап койсок болот. Ал бир ай момун мусулман болуп орозо кармайт да, болду, күнөөлөрүмөн арылдым дейт окшойт, былтыркы 3-октябрдагыдай иш-аракеттерге өтөөрү турган иш. Ал азыр түрмөгө эч отурбашы керек, анткени анын кыялындагы келечеги – президенттик так эмеспи…

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru