Айбат » Кыргызстанда ислам принциптери боюнча каржылоо киргизилди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Кыргызстанда ислам принциптери боюнча каржылоо киргизилди

ИсламКыргызстанда ислам принциптери боюнча каржылоо киргизилди. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси, муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев ислам принциптери боюнча каржылоону өнүктүрүүгө арналган тегерек столдо маалымдады. Анын айтымында, ушул жылдын март айында ислам экономикасын өнүктүрүү комитети түзүлгөн. Шарияттын жол-жоболору менен иш туткан банктар 1970-жылдары пайда болуп, дүйнө жүзү боюнча азыр 300дөй банк бар. Кыргызстанда алгачкы ислам банкы 2006-жылы пайда болуп, пилоттук долбоор катары “Эко Исламик банкы” түзүлгөн. Бул банктын өзгөчөлүгү – насыя берүүдө кардардын бизнес планын дыкат текшерип, спирт ичимдиктери, тамеки сыяктуу динде арам деп саналган бизнестерге каражат бербейт.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru