Айбат » Азимбек Бекназаров, «Эл үнү» кыймылынын лидери: «Адахан Мадумаров өзү ким эле?»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Азимбек Бекназаров, «Эл үнү» кыймылынын лидери: «Адахан Мадумаров өзү ким эле?»

2121

- Азимбек мырза, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров«Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолорунда» журналисттин ««Ата-Журт», «Акыйкат», «Чындык», «Улуттар биримдиги» партиялары биригип мекенчил күчтөрдүн бирикмесин түзүү тууралуу сүйлөшүп жатышыптыр, сиз дагы сүйлөшүүлөргө барып жатасызбы?» деген суроосуна: «Жок, биз эч качан сүйлөшүүлөргө катышпайбыз. Биздин сыртыбыздан тон бычкандар көп. Эгер Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган күчтөр болсо маселе жок эле» деген жообун узатты. Демек, аттары аталган партиялар Кыргызстандын келечегине кайдыгер карашабы?
– Ар бир саясый партия бийлик үчүн күрөшөт. Андыктан, алардын көпчүлүгүнүн көтөргөн лозунгдары окшош болот. Бирок, мен бул аттары аталган партияларды Кыргызстандын келечегине кайдыгер караган күчтөр деп айта албайм. Биз каалайбызбы же каалабайбызбы, алар Кыргызстандагы саясый күчтөр. Алардын өз деңгээлине жараша эл баа берет. Балким, бул Мадумаровдун өзүнүн жеке пикири. Ал минтип айткандан кийин аттары аталган партиялар менен бириге албайт, аларга ишенбейт. Демек, жолдорубуз бөлөк дегенди айтып жатат.
- Ошондой эле бүгүнкү күндө Кыргызстанда оппозиция жок экендигин, оппозиция лидеримин дегендер туруктуу позицияны тутунбай, кызмат берсе эле бийлик тарапка өтө кача тургандыгын билдирди. Анын айтымында Кыргызстанда бир гана Мадумаров оппозиционер экен. Буга кандай пикирдесиз?
– Мадумаров балким парламенттеги оппозиция тууралуу айтса керек. Эгерде ошондой болсо, анда анысы туура. Себеби, азыркы тапта парламенттеги оппозиция өздөрүнүн ошондой жүзүн көрсөтүп жатат. Парламенттеги оппозициялык фракциялар ич ара бөлүнүшүп, бийликке туруктуу оппозиция боло албай жатат. Бирок, мен Кыргызстанда оппозиция бар деп эсептейм. Ал оппозиция — эл. 15 жылдан бери бийликке туруктуу оппозиция эл болуп калган. Бирок, анын башчылары туруктуу болбой жатышат. Муну моюнга алыш керек.
- Бүгүн бийликтен кетсе эле, оппозицияга өтө качкандарды саясатчы эмес, саясатчы сөрөйлөр деп атады. Чын эле азыркы оппозициячылбыз дегендер саясатчы сөрөйлөрбү? Ошол саясатчы сөрөйлөрдүн арасында мен да бармынбы деп ойлобойсузбу?
– Мадумаров саясатчы сөрөйлөрдүн ичине мени да кошуп айтып атабы, же андай эмеспи, аны билбейм. Бирок, тилекке каршы ошондой саясатчы сөрөйлөрдүн бар экендиги ачуу чындык. Бийликтен кетсе эле оппозиция, бийликке келсе эле унчукпай отуруп калгандар бар. Биригебиз деп аткандардын арасында деле ошондойлор болушу мүмкүн. Бирок, адам кимдир бирөөгө сын айтып жатканда, адегенде: «Мен өзүм киммин?» деген суроону да унутпашы керек. Өткөн жазда эле Мадумаров деле Ташиев, Келдибековдор менен түштүктө митингдерди өткөрүп, биригүү тууралуу сүйлөшүп жүрүшкөн. Анан бүгүн эле мен андай сүйлөшүүлөргө барбайм дегени туура эмес. Ошондуктан адегенде: «Мен өзүм ким элем?» деген суроого жооп издеп көрсө болмок экен.
- Демек, азыркы оппозиция жээгинде жүргөндөр саясатчы сөрөйлөр турбайбы анда?
– Азыркы тапта Кыргызстандын саясатында жүргөндөрдүн бардыгы саясатчы сөрөйлөр. Анткени, булардын эч кимисине элдин ичи чыкпай келатат. «Мен партия лидеримин» дегендерге да ишеним аз. Ошондуктан ар ким саясатчыларга ар кандай баа берет. Саясатчы сөрөй атайбы, же башкача атайбы, чыдаш керек. Негизи бир партиянын башында турган адамдын башкаларды «саясатчы сөрөй» атаганы туура эмес. Негизи бийлик үчүн күрөштүн эки жолу бар. Биринчиси, бийликке соодалашуу жолу менен келүү, экинчиси, ачык идеологиялык программалары менен келүү. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бийликке соодалашуу жолу менен баргандар көп болуп атат. Ошол эле оппозиция жээгинде жүргөндөр да жолукканда эле: «Бириксек, мен кайсыл кызматка барам?» деген суроону талкуулашат. Ал эми «Кыргызстан кайда барат?» деген маселени талкууламай жок. Мен деле мындай жолугушууларга барып калам. Мадумаров деле балким барып жүрүп көңүлү калган болушу керек. Бирок, негизи ошол саясатчылар бириксе жакшы болот эле. Өздөрүнүн мамлекетибизди өнүктүрүү багытындагы жакшы программалары менен биригип, бирдиктүү күч болсо жакшы болмок.
Эртеби-кечпи баары бир биригишибиз керек. Биз саясат деп жүрүп эки нерседен айрылып алганы турабыз. Биринчиси, мамлекеттин бүтүндүгү, экинчиси элдин ынтымагы. Биз мына ушул эки нерсени бекем сакташыбыз зарыл. Мен Мадумаровдой болуп, буларды саясатчы сөрөйлөр деп шылдыңдабайм. Тескерисинче, алардын кемчиликтери болсо айтып, түздөгөнгө, жардам бергенге аракет кылганыбыз туура. Себеби, азыркы саясатчыларды саясатчы сөрөйлөр деп сүрүп таштасак, башка жок да. Мен деле кээде отуруп, саясаттан тажап, жаш муун келсе жакшы болот эле деп ойлойм. Бирок, андай жок болуп атпайбы?
- Сиздин оюңузча, эми дагы бийликти күч менен алмаштырууну зарылчылыгы барбы?
– Биз бийликти кайра-кайра күч менен алмаштыра берүүдөн коркушубуз керек. Андан көрө кайра-кайра шайлоо менен бийликке келгенибиз туура. Мисалы, Түркияда бир жылда эки жолу шайлоо болгонун билебиз. Парламент иштей албай жатса, кетирип кайра жаңысын шайлаш керек. Себеби, бийлик күч менен алмашканда, эмоция менен келип, анын программасы жоктой болуп калат экен. Ошондуктан эми мындан ары мамлекетти өнүктүрүү идеясы менен, программа менен бийликке келүү жолун тандашыбыз керек. Ушуну мен акыркы учурларда көп ойлоно баштадым.

интернет булактарынан алынды




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru