Айбат » Садыр Жапаров “Акматбек Келдибековду колдобойбуз” дейт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Садыр Жапаров “Акматбек Келдибековду колдобойбуз” дейт

Келдибеков“Ата Журт” ичтен ирий баштады. Келдибеков-Ташиев ажырымы күндөн-күнгө күчөп баратканы экөөнүн ортосундагы мамиленин муз сымал тоңуп турганынан байкалууда.
Бир бөлүгү Ташиевди, анча-мынчасы Келдибековду колдомуш этишип, калгандары болсо Мыктыбек Абдылдаев сыяктуу өзүнчө партия ачууга шымалана киришти.
Тараптар душмандашып атканын Ташиевдин кан досу Садыр Жапаров да айгинелеп койду. Ал “Вечерний Бишкек” сайтына билдиргендей, “Ата Журт” Келдибеков премьерликке барам десе колдобойт экен. “Биздин партия Келдибековду колдобойт, анткени ал партиядан чыгам деп атат. Өз алдынча кое берсин”, – дейт С.Жапаров.
Анын айтымында, ал Келдибековдун пландары тууралуу маалымат каражаттарынан окуган. Коалиция премьерликке талапкерди көрсөт деп сунушташса, “Ата Журтта” андан башка татыктуулар көп, дейт Жапаров.
Мына сага, тамаша. “Бригада” деп мактанып жүргөндөр Бакиевдин аркасы менен эле “бригада” болуп атышыптыр да… Бийлик, мансап дегенде “достук” аттуу ыйык нерседен аттап, чийдей тарашты…
Буларың бири-бирине чыккынчы болуп атканда, эртең элди деле сатып кетеринде күмөн калбай калды.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru