Айбат » Токон Мамытов: Жети-Өгүздөгү окуяда Садыр Жапаров, Кубанычбек Кадыровдун кишилери митингчилерди ар кандай өңүттө үгүттөгөн

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Токон Мамытов: Жети-Өгүздөгү окуяда Садыр Жапаров, Кубанычбек Кадыровдун кишилери митингчилерди ар кандай өңүттө үгүттөгөн

Токон Мамытов

“Азаттыктын” КТРКдан чыкчу “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндө бул аптада “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын жетекчиси Адахам Мадумаров жана вице-премьер-министр Токон Мамытов катышты. Берүү “Күзүндө эмне болот” деген теманын айланасында болуптур.

Ошол көрсөтүүдө сөз Жети-Өгүз жана Жалал-Абаддагы жайдын башындагы окуялар жөнүндө болуп кетип, Токон Мамытов кызыктуу бир кеп айтып отурат.

Анын айтымында, Жети-Өгүздөгү “Кумтөр” боюнча нааразы болуп чыккан эл менен жолугушууда алар Мамытовго “бизге ар кайсы саясый күчтөрдөн, топтордон, партиялардан, уруулардан келип, силер мындай кылгыла, тигиндей кылгыла, ошондо бийлик антет, минтет, деп акча сунуш кылган учурлар болду”, деп айтып беришкен.

“Айрымдарынын фамилиясы деле аталды. Алар ошол эле көлдүк азаматтар, партиялардын лидерлери, бийликте депутат болуп жүргөндөрдүн айрымдарынын фамилиялары ачыктан-ачык айтылып эле жатты. Эл айтты, “мурда министрдин орун басары болуп жүргөн Кубанычбек Кадыровдун кишилери келди. Ошол эле Садыр Жапаровдун инилери, бир туугандары келип, бизди үгүттөдү, биз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү”, деп ачык эле айтышты”, – деген ачуу чындыкты Токон мырза айтып берди.

Кыргызстандагы кырдаалды солкулдатуу, бийлик менен соодалашуу багытында бардык ыкманы колдонгондордун айрымдарынын фамилияларын ушинтип билип алдык. Эми күздө сак болобуз.

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru