Айбат » Бийликти сүйгөндөр биригеби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бийликти сүйгөндөр биригеби?

Аликбек Жекшенкулов

Оппозиция төбөлдөрү элдин көңүлүн өзүнө буруу максатында биригүү, бирдиктүү блок түзүү тууралуу сүйлөшүүлөр башталганын жарыялады. «Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт» демекчи, бийликти өтө катуу сүйгөндөр, өзүн гана лидер эсептегендерди клей менен чапташтырсан дагы бирикпей турганы көрүнүп калды. Мисалы, Аликбек Жекшенкулов өзү жетектеген «Акыйкат» партиясы, «Ата журт», «Чындык», «Улуттар Биримдиги» сыяктуу партиялар биригип, бийликке бир нече талап коерун билдирген эле. «Улуттар Биримдиги» муну дароо төгүндөп, эч кандай сүйлөшүүлөр болбогонун баса белгиледи. Ич ара ыркырашып, бир тарабы Акматбек Келдибековго, экинчи тарабы Камчыбек Ташиевдин колтугуна коргологон «Ата журт» жаңы оппозициялык кыймылга чоң күч болуп берери арсар.

Аликбек Жекшенкуловичтин оозу менен коюулуучу талаптарга баам салалы. А дегенде эле Конституциялык реформа болушу керек дейт. Мындай талап коердон мурда 2010-жылдагы референдумдун негизинде кабыл алынган Башкы мыйзамды карап көрүшпөйбү, анда 2020-жылга чейин Башкы мыйзамды өзгөртүүгө тыюу салынган. Конституциялык өзгөртүүгө барсак баралы, бирок, кантип аны аткарарын чечмелесе болмоктугун «Ата мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев  агенттиктердин бирине курган маегинде билдирген. «Кандайдыр бир талаптарды коюп жатканда, аны менен бирге сунушун да айтышы керек. Биз Аликбек Жекшенкуловдун талабын уктук. Эми ошого жараша Конституциялык реформа боюнча сунушун айтсын. Карап көрөбүз, коомчулукка кандай жага тургандыгын, кандай кабылдай тургандыгын байкайбыз. Бир гана нерсе, эки кишинин башы биригип эле кандайдыр бир талаптарды кое берсе, аны аткарууга шаша бергенде болбойт. Адегенде аны жалпы коомчулук кандай кабылдай тургандыгын билиш керек» дейт ал.

Текебаев айткандай, А.Жекшенкулов сыяктуу оппозиционерлер өкмөттү сындап коюп бөйрөгүн таянып отура бербей, талап артынан талаптарын жаадыра бербей, өлкөнү өнүктүрүүнүн конкреттүү программасын сунуштаганда коомчулуктан колдоо тапмак. Мындан улам, мыйзам ченемдүү суроо жаралат: талап койгондон башканы билбеген оппозициянын көздөгөнү эмне? Көздөгөнү бийликти коркутуп жатып эптеп майлуу кызматка жетүү экени сокурга деле көрүнүп турбайбы. Мисалы, Аликбек мырзага тышкы иштер министрлигин карматчы, дароо креслого отуруп, оппозициялык «ишмердүүлүгү», жөнсүз талаптарын унута калат. Ошол эле Жекшенкулов айтып жаткан «Чындык» партиясынын лидери Кубанычбек Кадыровдун деле максаты кандай гана жол менен болбосун кызматка жетүү. Мындай тилегин анын эгемен гезиттердин бири аркылуу: Эгер эл кызыкчылыгы, мамлекеттин келечеги үчүн болсо кандай гана кызмат болбосун барып ак кызмат өтөөгө эмнеге болбосун?» деген сөзүнөн эле байкайсын. Бул: «Мага Чүй облустук ИИБсин же бөлөк шаардагы милицияканалардын биринин жетекчилигин берсеңер тымпыйып отуруп калам» деген белгиси эмеспи.

Кызмат дегенде позициясынан тайып, эт-бетинен кетип чуркаган оппозиционерлер кантип бирикмек да, кантип элди көчөгө жетелеп чыгып, Ак үйдү каңтарып түшмөк? Бийликти курулай сындап, революция жасаганга жардам бергиле, бийликке келип калсак силердин буйругуңарды «кыңк» этпей аткарабыз деп өлкөнүн келечегин «саткандын» ордуна, акыл токтотуп, Кыргызстаныбыздын келечегин көздөп иш кылып, сындагандан көрө сунуш айтып, азыркы бийликтин «жеңилин жерден, оорун колдон» алсаңар боло?

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru