Айбат » Кыргызстаныбызда тынчтык болот же оппозициянын көкшүүнү канткенде сууйт?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кыргызстаныбызда тынчтык болот же оппозициянын көкшүүнү канткенде сууйт?

1

«Кыларга иши жок, саларга кушу жок» оппозиция лидерлери эмне кыларын билбей, өздөрүнө тиешелүү маалымат каражаттары аркылуу ушак таратып киришти. Алардын тараткан аңыздарын карап көрөлү: күзүндө парламент мөөнөтүнөн мурда таркайт имиш, өкмөт отставкага кетет имиш, эл бийликти дыргаяктата кубалайт имиш. Имиш, имиш жана имиш. Ал эми реалдуу жашоодо төңкөрүш жасоого негиз жок, ага ири державалар деле кызыкдар эмес. Далил керек десеңер, четинен санап берели.

2005-жылдагы март ыңкылабы, 2010-жылдагы апрель революциясынын жүзөгө ашышына бийликтин бир адамдын, бир үй-бүлөнүн колуна топтолуп калганы шарт түзгөн. Бүгүнкү күндө андай көрүнүш жок, башкаруунун парламенттик модели иштеп жаткан кези. Парламенттеги фракциялар өкмөттү курайт, а өкмөт социалдык-экономикалык маселелерге жоопкер. Демек, бийлик бир адамдын колуна топтолуп калды дегенге негиз жок. Бул элдин бийликке болгон массалык нааразычылыгы жаралбагандыгынан кабар берет.

Акыркы үч жылда тышкы саясатыбызда олуттуу өзгөрүүлөр орун алды. Мисалы, Россия менен болгон мамилебиз жакшырды. Россия 500 млн. долларлык карызыбызды кечип гана тим калбастан, бир катар энергетикалык долбоорлорго өнөктөш катары кирди. Башталган ишти аягына чыгарып, энергетикалык долбоорлорду жүзөгө ашырыш үчүн Кремлге азыркы бийликтин иштеши абадай зарыл. Ошондой эле 13-сентябрда Бишкекте өтүүчү ШКУнун саммити – кошуна өлкө лидерлеринин кыргыз бийлигине болгон жылуу мамилесин көрсөтүп турат.

Айрым маалымат каражаттары: «АКШ базасын калтыруу максатында оппозиция лидерлеринин бири менен тыгыз кызматташып, революция жасаганы жатыптыр» деп үрөйдү учуруп жиберди. Көрсө, бул дагы оппозициянын кезектеги пиар жүрүшү экен. Атайын ушундай жалган маалыматтарды учуртуп, коомчулуктун мээсин тегеретүү аракети көрүлгөнү байкалып калды. Эгер Американын бизге кастарын тиккени чын болсо, жакында эле өткөн эл аралык донорлордун конференциясында Кыргызстанга миллиарддаган доллар каражат берерин убада кылат беле? Себеби, жыйынга катышкан эл аралык донорлордун көпчүлүк бөлүгү Батыштын айткан-дегенинен чыкпаган уюмдар.

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru