Айбат » Жумгалда 6 айда приоритет болуп 26 долбоор каралып, керектелген каражат 442 млн 870 миң сомго жеткен

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жумгалда 6 айда приоритет болуп 26 долбоор каралып, керектелген каражат 442 млн 870 миң сомго жеткен

infliacia_9Жумгал районунун 2013-2015-жылдарга бекитилген стратегиялык планында каралган инвестициялык долбооруна бардыгы 36 обьекти каралып, жалпы суммасы 674 млн 706 миң сомду түзгөн. Мунун ичинен 2013-жылга приоритет болуп 26 долбоор каралып, керектелүүчу каражаттын жалпы суммасы 442 млн 870 миң сомго жеткен.

Бул тууралуу маалымат райондун 1 жарым жылдын отчетунда белгилүү болгондугун «Жумгал KG» маалымат булагы кабарлайт.

2013-жылдын 6 айынын ичинде ишке ашырылып бүткөрүлгөнү 2 обьект, алар дем берүүчү грант аркылуу Чоң-Дөбө айылындагы Тыналы атындагы орто мектептин ремонту -1 млн 800 миң сом, Бүткүл дүйнөлүк банк аркылуу Түгөл- Сай айылындагы суу түтүкчөсүнүн курулушу- 26 млн 400 миң сомго аткарылган. Аткарылган иштин жалпы суммасы- 28200,0 миң сомду түзгөн.

Учурда райондо аткарылып жаткан долбоорлор катары Кочкор-Арал-Миң-Куш автожолунун оңдоп түзөө жумуштары 13 млн 984 миң сом, Кабак айыл аймагына караштуу Көкөмерен дарыясындагы Арал- Сары-Камыш көпүрөсүнүн курулушунун жалпы наркы 82 млн 749 миң сом, мунун ичинен аткарылганы 52,0 млн сомго аткарылып бүгүнкү күнгө жалпы аткарылган иш 65 млн 984 миң сомду түзгөн.

Жалпы район боюнча 2013-жылдын 6 айында райондо кабыл алынган пландан тышкары, республикада иштеген эл аралык уюмдар, мекеме ишканалар жана жеке ишкерлер тарабынан каржыланып, ишке ашкан жана учурда ишке ашып жаткан долбоорлордун саны баардыгы 13 анын наркы 21 662,1 миң сом. Мунун ичинен ишке ашканы 8 долбоор 9 918,1 миң сом.

 




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru