Айбат » Жумгалда 2013-жылдын 6 айына жалпы 31280,6 миң кВт/саат электр энергиясы пайдаланылган

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жумгалда 2013-жылдын 6 айына жалпы 31280,6 миң кВт/саат электр энергиясы пайдаланылган

электр2013-жылдын 6 айында жалпы 31280,6 миң кВт/саат электр энергиясы пайдаланылып, жалпы жоготуулардын көлөмү 7556,3 миң  кВт/с,  же 24,1 % жетсе, анын ичинен техникалык  жоготуу  4165,3  миң кВт, же  13,3 %,   коммерциялык жоготуу  3382,9 миң кВт, же 10,8 % түзгөн. Бул тууралуу маалымат райондун 1 жарым жылдыгында белгилүү болгондугун «Жумгал KG» маалымат булагы жарыялайт.

6 айда 20940,3 миң сомго товардык продукция сатылган, мунун ичинен элге  9663,4 миң сомго, мекеме ишканаларга  11276,8 миң сомго. Жалпы сатылган товардык продукциянын 13593,8 миң сому чогултулуп, жалпы сатылган  товардык  продукциянын  64,9 % түзгөн, мунун ичинен элдики 8914,4 миң сом, же   92,2 %,  мекеме ишканалардыкы  4679,4 миң сом, же 41,5  %.

Район  боюнча жалпы дибитордук карыз 32104,3 миң сом, мунун ичинен  элдики 3880,6 миң сом, мекеме ишканалардыкы 28423,7 миң сом.

6 айда райондук электр тармактар ишканасы тарабынан 165 рейдтик кыдыруу жүргүзүлүп электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн 564,2 миң сомго 370 акт протокол түзүлгөн. Мунун ичинен 546,8 миң сомго түзүлгөн 368 акт элге таандык болсо,  17,4 миң сомго түзүлгөн  2 акт мекеме ишканаларга таандык экени айтылган. Жалпы түзүлгөн акт протоколдун ичинен 205 актысы аткарылып 224,7 миң сом өндүрүлгөн. Ошондой эле, район боюнча 658 абонент 5984,1 миң сом  дебитордук карызы үчүн  электр энергиясынан ажыратылган.

 




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru