Айбат » Судья Н.Түлеевдин адвокаттарынын сот процессин кийинкиге калтыруу өтүнүчүн канааттандырган жок

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Судья Н.Түлеевдин адвокаттарынын сот процессин кийинкиге калтыруу өтүнүчүн канааттандырган жок

сотАдвокат Татьяна Чернякова адвокат Баки Кулдашевдин жоктугуна байланыштуу сот процессин жылдыруу жөнүндө өтүнүч арыз берди. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда «Ата Журт» фракциясынан ЖК депутаты Нариман Түлеевге карата соттук кароодо Т.Чернякова билдирди.

Бирок, судья Аман Сариев аталган өтүнүч арызды канааттандыруудан баш тартып, Б.Кулдашев Н.Түлеевдин адвокаты эместигин, буга байланыштуу анын бул жакта болушу милдеттүү эмес экендигин билдирди.

Эске салсак, 26-июлда судья соттолуучуларга карата өкүм чыгарышы керек болчу, бирок, соттолуучу Н.Түлеев эрте менен өзүн жаман сезип, врачтар чакырылып, ага кан басымы жогорулап кеткендигин айтышкан. Бул күнү сот болгон эмес. Соттук отурум 29-июлга жылдырылган.

Соттолуучулар – борбор калаанын экс-мэри жана ЖК депутаты Н.Түлеев, «Тазалык» муниципалдык ишкансынын мурдагы башчысынын милдетин аткаруучу Бакыт Сыдыков, Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Бишкек автотранспорт ишканасынын мурдагы директору Медет Кожобергенов, мурдагы вице-мэр Валерий Корниенко, муниципалдык менчик башкармалыгын жетекчиси Руслан Бейшенбаев жана Билимбек Токтобеков.

Мамлекеттик айыптоочу соттолуп жаткандарды күнөөлүү деп таап, Н.Түлеевди 15 жылга эркинен ажыратууну, калгандарын 9 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратууну суроодо.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru