Айбат » Түлеевдин сотунда айыпталып жаткан Валерий Корниенкого тез жардам чакыртышты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кырдаал » Түлеевдин сотунда айыпталып жаткан Валерий Корниенкого тез жардам чакыртышты

скорая

Бүгүн, 29-июлда Ленин райондук сотунда Бишкектин экс-мэри, “Ата-Журт” фракциясынан депутат Нариман Түлеевдин соту болуп жатат. Сот жыйынында айыпталып жаткан Валерий Корниенконун абалы начарлап кетти. Процесстин катышуучулары тез жардам чакырышты.

Эскерте кетсек, 2012-жылдын 29-октябрында Башкы прокуратура баш калаанын экс-мэри, “Ата-Журт” фракциясынан депутат Нариман Түлеевге жана мэриянын мурдагы чиновниктерине карата айып таккан.

Аларга карата козголгон кылмыш бир кылмыш ишине бириктирилип, бирдиктүү каттоо номери берилип Бишкектин Ленин райондук сотунда 9 айдан бери каралып жатат. Мурдагы аткаминерлерге КРдин Кылмыш кодексинин “кылмыш жолу менен кирешелерди адалдаган (легалдаштырган) деген” беренеси боюнча күнөө тагылууда.

Экс-мэрден тышкары Бишкек жүргүнчү автотранспорт ишканасынын мурдагы директору Медет Кожебергенов, мурдагы вице-мэр Валерий Корниенко, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын мурдагы директору Бакыт Сыдыков, муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Руслан Бейшенбаев карата иш козголгон.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru