Айбат » Жибек Нукеева: Шекер айылынын кызы болгонума сыймыктанам

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Шоубизз » Жибек Нукеева: Шекер айылынын кызы болгонума сыймыктанам

Жибек Нукеева 2Үстүбүздөгү жылдын 12-май күнү ордо калаабыз Бишкекте сулуулар сынагы өтүп, анда 21 кыздын ичинен үчөө алдыга озуп чыкты. Алардын эң сулуусу Жибек Нукеева “Дүйнө сулуусу – 2013″ сынагында өзүн көрсөтүүгө жолдомо алды. Башкы сыйлыктын ээси болгон Жибек учурда Индонезияда өтө турган “Дүйнө сулуусу-2013″ сынагына катышууга кызуу даярданып жаткан учуру.

Жибек Нукеева– Жибек, азаматсың, бул сынакка кандайча катышып калдың. Сынак туурасында айтып берсең?

-Бул сынакка катышууга курбум даярданып жүргөн. Сынакка карата тандоо жүрүп жатканда “катышып көрбөйсүңбү” деген сунушун мага айтып калды. Кастингге барып, мен да өтүп кетип катышып калдым. Чынымды айтсам мындай ийгиликке жетишем деген оюм жок болчу. Эң башкысы жеңиш эмес, жөн эле катышуу деген максат менен келгем. Себеби, сынакка катышып жаткан бардык кыздар кыйын болчу, алардын ар биринин өзүнө тиешелүү сулуулугу, өзгөчөлүгү бар эле. Анан ошончо жакшынакай кыздардын арасынан жеңишти күтө алган эмесмин. Бизге үч сыноо турун беришти. Үч турда үч башка көйнөк кийип чыгып, суроолорго жооп бердик.

-Сынакты уюштуруучулар кимдер болду?

-Inteallas KG компаниясы болду. Жетекчиси индус улутундагы адам Баруа Анинеш. Бул адам компаниянын кыргызстандагы өкүлү катары бул сынакты уюштурду. Уюштурулушу мага абдан жакты.

– Кайсы унивеситетте окуйсуң? Мурда эле модель болууга кызыкчу белең?

-Кыргыз Улуттук университетинин экономика факултетинин 1-курсун аяктадым. Модель болуу, подиумга чыгуу мага башынан жакчу.

Ушул сынактан пайдаланып бул тармакка биринчи кадамды таштап көрөйүн,анан кийинчерээк улантып кетермин деп эле ойлогом.

– Жеңиш жөнүндө ойлонбосоң, анан эң башкы орунду алып жатсаң. Аябай эле толкундансаң керек?

– Мен үчүн күтүлбөгөн жеңиш болду. Ата-энем залда отурган үчүн сынак учурунда аларга уят болбосом экен, эч болбосо бир номинацияга илинсем экен деп ойлоп жаттым. Анан номинациялар тапшырыла баштаганда менин фамилиям такыр айтылбай койду. Кезек экинчи, биринчи вице-мисстерге келгенде, мага эч нерсе жок, бүттү баары деп маанайым түштү. Ошентип турсам эле “Жибек Нукеева”  деп жеңүүчүнү чакырып калышпадыбы. Фамилиямды укканда ыйлаарымды же күлөөрүмдү билбей эле нес болуп туруп калдым.

-Сени менен сынакка катышкан кыздарды кандай сүрөттөйсүң?

-Баардыгы келишимдүү, татынакай, узун бойлуу шаардык кыздар катышты. Эң жашыбыз болуп 16-жаштагы кыз катышты. Айтор биринен бири өткөн сулуулар болду.

-Кандай косметиканы колдоносуң. Аялзаты колдонгон косметика сөз жок баалуу болушу керекпи?

-“Maх Factor” компаниясынын косметикасын колдоном.

Кымбат косметикалардан деле химикаты көп, пайдасынан зыяны көп, айрымдардын терисине жакпаган косметикалар болот. Айрым арзан эле косметикалар курамы пайдалуу чөптөрдөн туруп, териге жагымдуу болот.

-2013-жылдагы эң сулуу кыздын ата-энеси кандай адамдар? Окурмандар кызыгып жатышса керек.

-Атам өкмөттүк жумуштарда иштейт. Биз сегиз бир тууганбыз. Алты кыз, эки эркек бир тууганбыз. Мен бир туугандарымдын алтынчысымын. Кара-буура районун Шекер айылында жарык дүйнөгө келгем. Атагы алыска чыккан Шекер айылынын кызы болгонума сыймактанам. Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов менен чоң-атам жакшы мамиледе болуп көп сүйлөшүшчү. Чоң-атам Чыңгыз атабыздан улуураак болчу. Азыр көзү өтүп кетти.

-Өзүң адабиятка кызыгасыңбы, кайсы китептерди окудуң?

-Адабиятка бала кезимен эле кызыгам. Чыңгыз Айтматовдун баардык чыгармаларын окуп чыккам. Өзүм романдарды, детективдерди окуганды абдан жактырам. Айрыкча Европа жазуучуларынын чыгармаларын берилип окуйм. Агата Кристинин детективдерин окуйм. Адамдын сырткы келбети менен ички сулуулугу шайкеш келип туруш керек деп ойлойм.

-Сүйлөшкөн жигитиң барбы? Сага кыргыздын кандай жигиттери жагат? Кыялыңдагы ак атчан ханзааданы кандай элестетесиң?

-Азырынча жүрөгүм бош. Мен кыялданган жигит узун бойлуу, ак көңүл, сылык, тарбиялуу, өзүнүн айтканынан кайтпаган өжөр балдар жагат. Турмушумда ушундай жигит жолугаарына ишенем.

-Азыр жаштардын көпчүлүгү интернет желелери аркылуу таанышып, жолугууну адатка айландырышты. Сен да таанышып, жолугушкан учурларың болобу?

-Жолугууга келгенге караганда интернетке жазганда балдар чечкиндүү болуп калышабы бир башкачараак чечкиндүүрөөк боло калышат. Тааныша калып эле жолугууну туура көрбөйм. Эми мен эле эмес жалпы эле кыздар жакшы таанышып, жигиттин толук ички дүйнөсүн түшүнгөндөн кийин жолугушууга барышса болот деп ойлойм.

-Сулуу кыздарды алакачып кетип, алыскы элет жеринен да бактысын тапкан кыздар бар. Эгер сени алыскы бир айылдарга алакачып кетишсе, ала качкан жигит өзүңө жагып калса жашап калышың мүмкүнбү?

-Мен алыскы айылга жашап калышым мүмкүн эмес деп ойлойм. Окуумду ийгиликтүү аяктап, өзүм жактырган жигитке турмушка чыгам деп ойлойм. Ар бир кыз, бойго жеткен кыз тагдырын курмандыка айландырбай өз бактысы үчүн күрөшө билишин каалайм.

-Сен катыша турган дүйнөлүк сынак күн санап жакындап келет. Даярдыктарың кандай болууда?

Эми мен 4-сентябрда Индонезияда болуп калышым керек. Ал жерде бир айдай болобуз. 26-27сентябрда финал болот. Ар бир күнү ар башка көйнөк кийип чыгышыбыз керек. Жыйырмадан ашык көйнөк дайындашым керек. Макияждарга, косметикалык каражаттарга бир топ акча сарптайм го. Сентябрь айына чейин дагы бир айдан ашык убакыт бар да. Бул аралыкта мен оратордук искусствону өнүктүрүүгө, хореографтарга барам, подиумда басууну өздөштүрөм, эл алдында өзүмдү алып жүрүүнү үйрөнөм. Сынак өтүүчү Индонезия өлкөсүнө барып келүүгө жол кире, көйнөктөр үчүн каражат табууга демөөрчү издеп жатам. Эң башкысы,дүйнөлүк сынакта сахнага татыктуу чыгып, кыргыз элимдин намысын коргоп жок дегенде бир орундун ээси болуп келүүгө аракет кылам.

Соңку сөз

Башка өлкөлүктөр мындай дүйнөлүк сынакка жолдомо алган кыздарын барктап, даңктап алышат. “Дүйнөнү сулуулук сактайт” демекчи байыртадан элибиз күлүк атты, сулуу кызды, жакшы куралды барктап келишкен. Дүйнөлүк сынакка катышууга канат сермеп турган Жибекке биз да көмөк көрсөтүп элибиздин атын алыска угузалы. Жибеке көмөк көрсөтө турган чыгаандар болсо Демир банкка КGS 11800000047326712, USD 1180000047326813 счетуна каражат которсоңуздар болот.

 URL: http://kyrgyz.vb.kg/227825a

 




Башка окшош макалалар:

4 комментарий

  1. Апееей, кайдан шекерликсин? Калп айтпай еле кок-сайлыкмын дебейсинби. Уялып атасынбы? Атаэненда КОК-САЙДА туулуп осушконда. Кок сайлыктардын конулункалтырдын

  2. Жибек:

    хахахахаха менин сүрөтүм кантеет

  3. Ийгилик сага Жибек

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru