Айбат » Н.Түлеев «акыркы сөзүнө» даярданышы үчүн бир күн сурады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Н.Түлеев «акыркы сөзүнө» даярданышы үчүн бир күн сурады

Нариман ТулеевЛенин райондук сотунун төрагалык кылуучу судья Аман Сариев «Ата Журт» фракциясынан ЖК депутаты Нариман Түлеевдин башка адвокаты Кубанычбек Ташбалтаевдин өтүнүч арызын кароодон баш тартты.

Бүгүн, 29-июлда өтүп жаткан сот процессинде Н.Түлеевдин адвокаты К.Ташбалтаев судья А.Сариев өкүмдү угузууга шашып жатат деген түшүндүрмө берүү менен, судьяны четке кагуу өтүнүчүн берди.

Судья, Н.Түлеев менен В.Корниенконун «акыркы сөдөрүн» күтүп жатканын корутундулады.

Адвокат К.Ташбалтаев, анын өтүнүч арызы четке кагылгандыктан, сотко катышкысы келбей тургандыгын айтып, залдан чыгып кетүүнү сурады. Буга судья А.Сариев, бул анын эрки экенин белгилеп, адвокат залдан чыгып кетти.

«Акыркы сөзүндө» Н.Түлеев даярданышы үчүн бир күн сурады. «Мен соттук отурумдун жүрүшүндө сиздерге эч кайрылган жокмун. Мен сиздерден, керек болсо оорума байланыштуу да суранган жокмун. Мага даярданышым үчүн бир күн бершиңиздерди бүгүн суранып жатам», – деди ал.

Судья, Түлеевде бул үчүн убакыт болгондугун айтып, В.Корниенкого өткөндө, ал дагы өзүн жаман сезип жатканын айтып, ага медициналык жардам керектигин билдирди.

Азыркы тапта, анын адвокаты Дмитрий Лубинцов медициналык тез жардамды чакырып, сот кайрадан үзгүлтүккө учурады.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru