Айбат » Муфтияттын 2011-2012-жылдардагы милдеттүү салыктарды төлөбөгөндүгү аныкталды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Муфтияттын 2011-2012-жылдардагы милдеттүү салыктарды төлөбөгөндүгү аныкталды

КМДБУКМК тарабынан 2012-жылы Ажылык сапарды уюштурууда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөгөн фактылар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, Социалдык фонддун эсебине 5,5 млн сомдой жана Мамлекеттик салык кызматына 5 млн сомдон ашык акча түшкөн эмес.

Бул боюнча, 22-июлда УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренеси (чарбалык субъектилердин кызмат адамдарынын салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн баш тартышы) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, ушундай эле мыйзам бузууларга 2011-жылдагы Ажылык сапарды уюштурууда КМБДнын мурдагы жетекчилиги тарабынан да жол берилген.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru