Айбат » Сотто Нариман Түлеев жана Корниенко өз сөздөрүн айтышты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Сотто Нариман Түлеев жана Корниенко өз сөздөрүн айтышты

жогорку сотБүгүн, 29-июлда экс-мэр Нариман Түлеев жана анын мурунку кесиптештери боюнча өтүп жаткан соттук отурумда экс-вице-мэр Валерий Корниенкого акыркы сөз берилип, ал тергөө жүргүзгөн топко, судьяга жана башкы прокурор Аида Саляновага ыраазычылык билдирди. “Чечим кандай болсо, ошондой болсун. Биздин залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткандай адам өз жашоосунда эң жакшы кылган иши балдарына туура тарбия берүү жана үй-бүлө менен бирге болуу. Жакшыбы же жаманбы чечим кандай болсо биз жооп берүүгө мажбур болсок, демек жооп беребиз”,- деди Корниенко.

“Урматтуу судья, сиз жалгыз эле Түлеевди соттоп жатканыңыз жок. Жаш жигиттерди да ойлоңуз”,-деди экс-мэр Нариман Түлеев соттогу акыркы сөзүн айтып жатып. “Жаш жигиттердин тагдырын да ойлоңуз. Күнөө болсо менде болсун, буюртма берилсе, мага берилгендир. Бул балдардын мөөнөтүн кошкондо 68 жыл болот экен. Мен сынбайм, чыдайм. 70 жыл болсо да чыдайм. Эгерде документтерге карабай турган болсоңор башында эле айтышыңар керек эле сотту созбой эле коёлу деп. Мындай спектакль коюнун эмне кереги бар эле? Мен эмнеге жактоочуларды жалдап убара болдум? Кыргызстанда эркин соттор жок. Бардык соттор бирөөнүн буйругун аткарышат”,- деди Түлеев.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru