Айбат » Аксыдагы атышуу

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Аксыдагы атышуу

граница323-июль күнү Жалал-Абад областынын Аксы районуна караштуу Дейрес участогунда мамлекеттик чек арачылар менен кошуна Өзбекстан мамлекетинин чек арачыларынын ортосунда атышуу болду. Бул туурасында жогорудагы айылдын тургуну, Дейрес чек ара дозотунун ыктыярдуу чек арачысы Бакыт Узенбаев билдирди. Анын маалыматы боюнча аталган окуя саат күндүзгү 10:30 чамасында Жети-Загара аймагында болгон.

Бакыт мырзанын айтымында “Кыргыз чек арачылары кошуна мамлекеттин эки чек арачысы биздин аймакка мыйзамсыз киргенин көрүп, чыгып кетүүсүн талап кылышат. Бирок ортодогу кайым айтышуу муштагка айланып, өзбек чек арачысы курал колдонгон. Өздөрү мыйзамсыз кирип келгени аз келгенсип, биздин жерде туруп курал колдонгон өзбек чек арачысын, биздин чек арачылар атып салышат, ал эми экинчиси оор жаракат алып, уккандарыбызга караганда кайтыш болуптур. Ал эми биздин чек ара кызматкерлерибиз жабыркаган эмес. Негизи эле өзбек чек арачылары дайыма ушундай мыйзам бузууларга барып, биздин адамдарды, чек ара кызматкерлерибизди “койдой уурдап” кетүүгө аракет кылышчу. Бул жолу да биздин чек арачыны басып жыгылган, бирок чек арачыларыбыз каршылык көрсөтүшүп, ушул кандуу окуя болду” – дейт.

Ушундай эле маалыматты Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери такташып, окуя кыргыз жеринде болгонун, атылган октун гилзалары, жаракат алгандардын кандарынын тактары биздин чек аранын аймагынан табылганын кабарлашты.

Ал ортодо кошуна мамлекеттин интернет маалымат булактары адаттагысындай эле “беш өрдөктөрүн учурушуп”, биздин чек арачыларды болгон окуяга күнөөлөшө баштады.

Өзбекстандын Podrobno.uz басылмасында “Кыргыз чек арачылары мас абалда чек араны кесип өтүшүп, кызматта жүргөн өзбек чек арачыларын атып таштады” деген маалыматта таратканга үлгүрдү. Бирок бул маалымат бир да мамлекеттик органдарга же расмий кызматтарга же адамдарга шилтеме кылган эмес. Деги эле Өзбекстан менен чек ара боюнча чыр-чатактуу окуялар катталганда эле биздин мамлекет маалымат жагынан утулуп, күнөөлүү биз тарап болуп калабыз. Ал эми кошуна мамлекеттердин ММКлары билип-билбей, териштирбей эле күнөөлүүлөрдү Кыргызстандан издеп жана биздин чек арачыларга шылтап салышат. Бул жолу да ушундай жол менен биздин мамлекеттик чек арачыларыбызды “мас” дешип, көө жапкылары бар. Ал эми өзбекстандын коопсуздук комитети 12news.uz интернет сайтына маалымат таратып, анда “кыргыз чек арачылары Өзбекстандын аймагына 100 метрге чейин кирип кеткен, аларды чыгарууда жаңжал чыгып, кыргыз чек арачылары ок чыгарып, чек арачыларыбызды атып салышкан” деп билдиришүүдө.

Учурда чатак чыккан жерде Ош жана Жалал-Абад аймактык чек ара башкармалыгынын кызматкерлери окуянын себептерин иликтешүүдө. Окуянын эртеси эки мамлекеттин чек ара кызматтарынын жетекчилери жолугушуп, болгон окуяны жеринде такташууда. Эмнеси болсо да “уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылат” болуп, биздин бийликтегилердин алсыздыгын пайдаланып, чек арачыларыбыз күнөөлүү деп табылбаса экен?

 

Булак: “Алиби”(М.Э)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru