Айбат » Эртең Бишкектин айрым райондорунда жарык өчөт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Эртең Бишкектин айрым райондорунда жарык өчөт

ампыЭртең, 30-июлда борбордогу “Алтын-Ордо” конушунда, Дүйшөмбү көчөсүндөгү № 6 “А” көп кабаттуу үйдө, Рыскулов, Пушкин, Бейшеналиева, Репин, Космическая, Дэн Сяопин, Текстильная көчөлөрүнүн барчаларында, Оттук кичи көчөсүндө, Чүй проспектисинде саат 9-00дөн 17-00гө чейин электр тармактарындагы профилактикалык иштерге байланыштуу убактылуу электр энергия өчүрүлүшү ыктымал.Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы билдирди.

Ошондой эле 30-июлда Чүйдөгү Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы (Чүй кургак-учук ооруканасында, Калинин, Северная, Чкалов, Комсомол, Мичурин, Садовая көчөлөрүндө, Ленин, Жеңиш проспектилеринде), Көк-Жар айылындагы (Куланов, Мадиев, Күйүкова, Курманалиев, Түлеев, Матыев, Нурманбетов, Үмөталиев көчөлөрүндө) Аламүдүн айылындагы (Чернышевский, Гоголь, Горький, Чугуева көчөлөрүндө), Ленин айылындагы (Бакай районунда, Восточная, Набережная, Алма-Ата, Виноградная көчөлөрүндө), Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын бир бөлүгүндөгү (медициналык окуу жайдын районунда, нан чыгарган заводдо, 8-март көчөсүндө, Спортивная кварталындагы №№1-6 үйлөрдө ), Сокулук районуна караштуу Маловодное, Кара-Сакал, Селекционное айылдарында, Ново-Павловка айылынын бир бөлүгүндө саат 9-00дөн 17-00гө чейин жогорку вольттогу “Орок”, “Жайыл”, “Маловодное”, “Мамбетова”, “Рассвет” трансформатордук көмөкчордондордон тараган жол бойлото тартылган 6/10 кВ аба электр берүү чубалгысындагы өсүп кеткен бак бутактарды кыйып, зымдарды тарттырып, кемтик изоляторлорду алмаштыруу иштерине байланыштуу убактылуу электр энергия өчүрүлүшү ыктымал.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/228031



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru