Айбат » Кыргызстанда бир катар массалык маалымат каражаттары 2000 $ техникалык көмөк алышты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кыргызстанда бир катар массалык маалымат каражаттары 2000 $ техникалык көмөк алышты

OLYMPUS DIGITAL CAMERAКечээ, 29-июлда Бишкек шаарында болуп жаткан медиа-инновациялар лагери тандалып алынган 19 журналисттин ичинен мыкты 7 журналисттин жазган долбоорун карап, ар бирине 2 миң доллардан турган техникалык жабдык беришти. Бул тууралуу аталган окуу-семинарына катышкан кабарчыбыз Мирбек Асаналиев билдирди.

Буга чейин белгилүү болгондой, Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектеби тарабынан уюштурулган медиа-инновациялар лагери 24-29-июль күндөрү аймактардан тандалып алынган басма сөз ЖМКлардын жана онлайн-басылмаларынын журналисттерине окуу өтүшкөн.

Орусиядан, Украинадан, Казакстандан жана Кыргызстандан эл аралык медиа-эксперттер алты күндүн ичинде журналисттик окутууларды үйрөтүшүп, жыйынтыгында журналисттер алган билимдерди толук кандуу ишке ашыруу үчүн «Идеялар парады» сынагы ойнотулуп, анда 7 журналист техникалык көмөктөн жардам алышты.

Анда Ош облусунан «Данек», Жалал-Абад облусунун «Аймак.kg», Бишкек шаарынан «Финансист», Исфана шаарынан «СулейИнфо», Сүлүктү шаарынан «Шахтёр жолу» гезиттери, Ош шаарынан «АКИpress-Ош» жана Нарын облусунун Жумгал районунан «Жумгал KG» маалымат порталдары ар бири 2 миң долларлык техникалык көмөктөн жардам алышты.

Эске салсак, долбоор «Арачылардын Элдештирүүчү Тармагы» коомдук фондунун, Сорос-Кыргызстан фондунун жана АКШдагы Демократияны илгерилетүү улуттук институтунун (NED) «ЖМКны колдоо» программасынын каржылоосунун алкагында ишке ашырылган.

OLYMPUS DIGITAL CAMERA OLYMPUS DIGITAL CAMERA

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru