Айбат » Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматы 537 мыйзам бузуунун бетин ачкан

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматы 537 мыйзам бузуунун бетин ачкан

Бактыбек Аширов2013-жылдын биринчи жарым жылдыгында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы экономика жана финансы тармагында 537 мыйзам бузуу фактысынын бетин ачкан. Анын жалпы суммасы 668 млн 917 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу 26-июлда өткөн коллегия учурунда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы Бактыбек Аширов билдирди.

Маалыматка ылайык, келтирилген чыгымдын 253 млн 624 миң сому мамлекеттин бюджетине кайтарылып берилген. Ошону менен бирге 192 млн 337 миң сом казначействонун аймактык бөлүктөрү аркылуу ишке ашкан.

Андан тышкары 360 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын тергөө бөлүмү аркылуу 272, башка органдар 88 кылмыш иши козголгон.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/228051




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru