Айбат » «Ата Журт» фракциясынын депутаты Н.Түлеев мүлкү конфискациялануу менен 11 жылга эркинен ажыратылды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » «Ата Журт» фракциясынын депутаты Н.Түлеев мүлкү конфискациялануу менен 11 жылга эркинен ажыратылды

нариман тулеев22«Ата Журт» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты жана Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев мүлкү конфискациялануу менен 11 жылга эркинен ажыратылды.

Өкүмдү Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Аман Сариев кечээ, 29-июлда кечинде угузду.

Судья экс-мэрди жана мэриянын мурдагы кызматкерлерин Кытайдан автобустарды жана таштанды чыгаруучу техникаларды сатып алууда махинацияларга жол берген деп айыптады.

Соттолуучулар – «Тазалык» муниципалдык ишкансынын мурдагы башчысынын милдетин аткаруучу Бакыт Сыдыков, Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Бишкек автотранспорт ишканасынын мурдагы директору Медет Кожобергенов, мурдагы вице-мэр Валерий Корниенко, муниципалдык менчик башкармалыгын жетекчиси Руслан Бейшенбаев жана Билимбек Токтобеков.

Б.Сыдыков мүлкү конфискациялануу менен күчөтүлгөн тартипте жаза өтөөгө 5 жылга эркинен ажыратылды.

Р.Бейшенбаев – күчөтүлгөн тартиптеги абакта жаза өтөөгө 5 жылга, В.Корниенко – 10 жылга, Б.Токтобеков – 10 жылга, М.Кожобергенов – мүлкүн мамлекеттин кирешесине конфискациялоо менен күңчөтүлгөн тартипте 13 жылга эркинен ажыратылды.

Мындан мурдараак прокуратура Н.Түлеевге, ал коррупциялык схеманын уюштуруучусу катары өзүнүн кол алдындагыларга, В.Корниенко менен М.Кожобергеновго тендерди өткөрбөй эле, автобустарды «Ясинь» заводунан алууну, ошондой эле ташуучу-фирманы (Синь Хай Тенг) табуу жана аны менен 1 млн 412 миң долларга «Торугарт» бажы постуна чейин 200 автобусту жеткирүүгө келишим түзүүгө көрсөтмө берген. Чогултулган далилдерге ылайык, мындай коррупциялык схема Бишкек шаарынын бюджетине 925 миң 800 доллар өлчөмүндө зыян келтирген.

1

2 3

4

5




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru