Айбат » Тайырбек Сарпашев: Региондогу текшерүүлөр политпартиялардын буюртмасы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Тайырбек Сарпашев: Региондогу текшерүүлөр политпартиялардын буюртмасы

тайырбек сарпашевКыргызстанда 450 айыл өкмөтү бар болсо анын ичинен 123дө мыйзам бузуулар катталган. Бул тууралуу Сокулук районунун активи менен болгон бүгүнкү жолугушуусу учурунда экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын айтканына караганда, бийлик жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү ниеттенип жатат. “Айыл өкмөттөрдү кызматынан бошотуу процедурасы татаал болгонуна байланыштуу алар жаза албай турганына көздөрү жетип, мыйзам бузууларга барып жатышат”, – деди Сарпашев.

“Ошол эле учурда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мыйзамындагы жаңы шарттар райондук акимдердин ыйгарым укуктарын кыйла бекемдейт. Райондордогу текшерүүлөр акимдердин уруксааты берилгенден кийин гана мүмүкүн болуусун сунуштап жатабыз. Бүгүнкү күндө текшерүүлөрдүн бардыгы саясий партиялардын буюртмасы менен жүргүзүлүп жатканы эч ким үчүн сыр болбой калган. Алар эч кандай жыйынтыкка алып келген жок. Тараптар ич ара макулдашып алып, ошону менен бардыгы токтоп калып жатат”, – деген пикирин вице-премьер-министр билдирди.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/228052



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru