Айбат » Россия дагы Кыргызстанда ири ГЭСтерди курууга кызыкдар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Россия дагы Кыргызстанда ири ГЭСтерди курууга кызыкдар

21

Эгемендик алган жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери ордунан алдыга жылбай, тескерисинче жабдууларынын бардыгы эскирип, артынан кетип бараткан энергетика тармагында байкалаарлык ийгиликтер жаралууда. Коңшу өлкөлөрдөн энергетикалык көз карандылыктан кутулуу максатында «Датка-Кемин», «Кемин» подстанциялары курулуп, бүтөйүн деп калды.

 

Андан сырткары Россия Федерациясы менен биргеликте Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтин курулушу башталды. Эки элдин ортосундагы эзелтен келаткан достук мамиле кайрадан чыңдалып, экономикалык жактанбири-бирине жөлөк-таяк болуп, ири долбоорлорду жүзөгө ашыруу максатын көздөп калышты. Өткөн жумада «РусГидро» ААКсынын төрагасы Евгений Дод Чыгыш Сибириндеги жана алыскы Чыгыштагы энергетика тармагынын өнүгүшү жана Кыргызстандагы ГЭСтин курулушу боюнча Россия президенти Владимир Путинге маалымат берди.
Ошондой эле мындан сырткары ал Кыргызстанда дагы үч ГЭС курууга ниеттенип жатканын билдирди. Доддун айтымында «Рус Гидронун» мындай демилгесин Путин колдоого алган. «Учурда компания Жогорку Нарын каскадындагы ГЭС (кубаттуулугу 237,7 МВт) боюнча техникалык-экономикалык негиздемесин аяктап калды. Жылдын аягына чейин Жаңы-Көл ГЭСин (кубаттуулугу 130 МВт), Алабука ГЭСин ( 400 МВт) жана Көкөмерен ГЭСин(360 МВт) «РусГидро» иликтөөгө алат», — дейт Е. Дод.
Анын айтымында азыркы тапта курулуш иши башталып калган ГЭСтердин бардыгын «РусГидро» 2018-жылга чейин аяктайт. Суунун башында туруп, аны мамлекеттин пайдасына иштете албай келгенибиз жашыруун эмес. Эми Россия менен биргеликте ишке аша турган ГЭСтер курулуп бүтө турган болсо, энергетика тармагы мамлекетибиздин бюджетинин бир жак капшытын толтуруп тура турган тармак болорунан шек жок. Муну ишенимдүү эле айта берсек болот. Анткени Кыргызстанда дагы үч ГЭСти куру ниети бар экендигин билдирген Е. Дод биздин өлкөдө энергетика тармагы дагы-да алдыга карай жыла бере тургандыгынан кабар берет.

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru