Айбат » Үмөталиева эркек балалуу болуш үчүн биоактивдүү кошулмаларды ичкенин айтты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Үмөталиева эркек балалуу болуш үчүн биоактивдүү кошулмаларды ичкенин айтты

токтоайым уметалиеваУкук коргоочу Токтайым Үмөталиева эркек балалуу болуш үчүн бир убактарды биоактивдүү кошулмаларды ичкенин КТРКнын 30-июлдагы “Ой-Ордо” ток-шоусу учурунда билдирди.

“Эркек балалуу болоюн деп “Ипардын” дарыларын алдым. Бирок жыйынтыгында өтүмдөн жана ден соолугумунан айрылдым”,- деди ал.

Ал ошондой эле учурда Кыргызстанда биоактивдүү кошулмаларды саткан фирмалар элди алдап, алардын акчасын алдап алып жана ден соолугун талкалап атканын айтты.

“Мен ооруп калып тааныш дарыгерге көрүнгөнү бардым. Ал мага 6-7 дарынын түрүн жазып берди. Азыр дарыгерлер эптеп дарыны сатуу үчүн эле бир канча дарыны жазып берет”,- деди укук коргоочу.

Үмөталиева учурда Орусияда биоактивдүү кошулмаларды дары катары сатууга тыюу салынганын айтып, Казакстанда тыюу салууну пландап атканын кошумчалады.

“Кыргызстанда 200дөн ашык биоактивдүү кошулмалар сатылат. Мен атайын иликтөө жүргүздүм, бизде сатылып аткан биоактивдүү кошулмалардын 3-4ү гана каттоодон өтүптүр. Калгандары чынында мыйзамсыз сатылып атат. Ага кошумча булар эч кандай салыктарды төлөбөйт. Элдин ден соолугун бузганы аз келгенсип, мамлекеттин экономикасына да терс таасир тийгизип атат”,- деди укук коргоочу.

Ал эми дары-дармектерди колдонуу боюнча эксперт Бактыгүл Камбаралиева дарыгерлер бейтапка 6-7 дарынын түрүн жазып берерин жана ал дарылар адамдын ден соолугуна кандай таасир берип атканы тууралуу эч кандай маалымат алынбастыгын айтат.

“Ошол дарыларды жазып берген дарыгерлер бейтаптарга ал кандай таасир бергени тууралуу маалыматтары жок. Жаман таасир бердиби, жакшы таасир бердиби аларды кызыктырбайт”,- деди ал.

Маалыматтарга караганда дүйнө жүзүндө 8,5 миңден ашык биоактивдүү кошулмалар бар.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/228119



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru