Айбат » Жалал-Абад областында балдардын жайкы эс алуусу үзгүлтүккү учуроодо

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жалал-Абад областында балдардын жайкы эс алуусу үзгүлтүккү учуроодо

1

Ушул күндү Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо, Сузак, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы, Ала-Бука райондорунда, Күк-Жаңгак, Майлуу-Суу шаарларында балдардын жайкы эс алуу жайлары бир агым иштегенден кийин Кыргызстан профсоюздар федерациясы тарабынан акча каражаты бүлүнүп берилбегендиктен 10-20 күндүн бери иштебей бош турат. Балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча облустук штабдын берген маалыматы боюнча азыркы күнгү балдардын эс алуусуна каралган финансы каражаттынын 66 пайызы гана бүлүнүп берилген.

Жалал–Абад облусунун «Элдик комитет» коомдук бирикмеси тарабынан көрүлгөн чараларга карабастан Жалал–Абад облусунун Ноокен районунун жашоочуларынын балдарынын жайкы эс алуусун уюштуруу үзгүлтүккү учуроодо. Анын себеби Кыргызстан профсоюздар федерациясы тарабынан акча каражаты убагында бөлүнүп берилбегендиктен «Алаш–Ата» балдардын эс алуу жайы ушул жылдын 22-июлунан бери иштебей бош турат. Учурда Кыргызстандын түштүгүндү абанын температурасы 42-45 градуска чейин жетип жатат. Жалал-Абад облусунун мектеп окуучулары ушундай ысык күндүрдү толук кандуу эс алуунун ордуна, убактыларын бош үткүрүшүп, күчүлүрдү ар кандай жумуштарды аткарып, терс күрүнүштүргү барып, туура эмес тарбия алып жатышат.

«Элдик комитет» коомдук бирикмесине Ноокен районунун тургундары кайрылышып жергиликтүү мамлекеттик бийлик бул маселеде жеткиликтүү жумуш аткарбай жаткандыгын айтышууда. Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы А. Осмоновго бир нече жолу кайрылып, бул маселени оң чечип берүүнү суранганбыз, бирок эч кандай жардам болгон жок,-дейт комиттетин түрагасы Муктар Артыкбаев

Жалал-Абад облусунун айыл чарба кызматкерлеринин профсоюздук уюмуна караштуу балдардын эс алуучу 4 жайы бар. Бул эс алуу жайлары 1-июлдан 31- августка чейин балдардын эс алуусун 4 агымда уюштурууну белгилешкен, бирок финансы каражаты чечилбегендиктен балдарда эс алдыруу бир гана агымда уюштурулганын маалымдашты.

Финансылык каражаттарды чечүү үчүн атайын Бишкек шаарына келип маселени Кыргызстан профсоюздар федерациясы менен жеринде чечүүгү аракет кылып күрдүк, чечилген жок деп Жалал– Абад облусунун «Элдик комитет» коомдук бирикмесинин түрагасы Муктар Артыкбаев Кыргызстан профсоюздар федерациясынын түрагасынын ишмердигине нааразылыгын билдирди.

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын түрагасы А.Токтогуловго 29-июнь күнү кирип жардам берүүсүн сурансак, ар кандай шылтоо айтып 1-2 күндү чечип берем деп убада берди эле. Бирок чечкен жок.

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын Түрагасы А.Токтогулов бир эле убакытта Билим берүү кызматкерлеринин профсоюздарынын Республикалык комитетинин Түрагасы болуп иштүү менен эки кызмат орунда иштейт экен. Бул Кыргызстандын кайсыл мыйзамына туура келет? Ошондуктан ал Кыргызстан профсоюздар федерациясын түп-тамырынан бери реформалап, эмгекчи элдин кызыкчылыгы үчүн иштегидей кылууга мезгил жетти,-деди Муктар Артыкбаев.

М.Артыкбаевдин пикири боюнча азыркы күндү Кыргызстан профсоюздар федерациясы үзүнчү эле мамлекет ичиндеги мамлекет болуп , биз коомдук уюмбуз эч кимге баш ийбейбиз деп үзүлүрүнүн билгенин жасап жатышат. Катардагы мугалим, дарыгер, жумушчу, дыйкан, фермерлер жана мамлекеттик кызматкерлер ай-сайын эмгек акысынан 1 пайыз үлчүмүндүгү каражатты профсоюздук уюмга которуп жатса дагы элдин муктаждыгын чечүүнүн ордуна профсоюздардын Республикалык уюмдарындагы 10-15 жетекчинин кызыкчылыктарын чечүүнүн үстүндү алектенишүүдү.

Бул жагдай боюнча Жалал–Абад облусунун «Элдик комитет»коомдук бирикмеси Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылуу жолдогон. Ал кайрылууда эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында, А.Акаевдин мезгилинде «Кыргыз керек жарак коомунун» жетекчилиги дагы, ушул А.Токтогулов сыяктуу, биз коомдук уюмбуз, эч кимге баш ийбейбиз деп Кыргызстандын аймагындагы пайщиктердин үлүштүрүнү таандык эбегейсиз байлыкты, соода-ишканаларын, турак жай комплекстерин, социалдык объектилерин Кыргыз керек жарак коомунун 5-6 эле жетекчиси акыйкатсыз, мыйзамсыз жол менен сатышып үзүлүрүнү ири үлчүмдүгү байлыкты топтоп алышкан. Ал эми ошол каражаттардын, мүлктүрдүн ээси карапайым, катардагы соода кызматкерлери бул иштен сыртта кала беришкен. Бул турмуштун ачуу чындыгы. Эгерде тез аранын ичинде Кыргызстан профсоюздар федерациясы боюнча маселени жалпы элге коюп, элге кызмат кылууга бурбасак, бул коомдук уюм дагы Кыргыз керек-жарак коомунун кебетесин кийип, карапайым калктын арасында нааразычылыктарды күбүйтүп, элдин бийликке болгон ишенбүүчүлүгүн арттырат деп айтып жогорудагы айтылган маселени Кыргыз Республиканын Президенти, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кепили катары күзүмүлгү алып Кыргызстандын эмгекчилерине Кыргызстан профсоюздар федерациясы тарабынан жеткиликтүү шарт түзүлүшүнү жардам берүүңүздү суранган.

Орозалы Карасартов, Жалал-Абад шаары

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru