Айбат » “Чайна роуд” чыр-чатактан жабыркагандарды дарылоого кеткен чыгымды төлөп берет

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кырдаал » “Чайна роуд” чыр-чатактан жабыркагандарды дарылоого кеткен чыгымды төлөп берет

1

Ат-Башы районунда жол кырсыгынан улам келип чыккан чыр-чатак үчүн “Чайна роуд” компаниясынын жетекчиси Кыргызстандын жарандарынан кечирим сурады. Бул тууралуу бүгүн, 1- августта, вице-премьер-министр-министр Токон Мамытов билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ, 31- июлда Нарын чек ара отрядынын аймагында, Туз-Бел ашуусунан КЭРдин жараны – “Чайна роуд” жол куруучу компаниянын кызматкери жол кырсыгына кабылып, Кочкор районунун тургунун унаасы менен сүздүрүп алган. Айдоочу окуя катталган жерден качып кетүүгө аракет кылган. Аны байкаган “Чайна роуд” компаниясынын 4 кызматкери машинаны токтотуп калуу аракетин көрүшкөн. Бирок аларды ошол эле компаниянын башка кызматкерлери, тактап айтканда кытай жарандары сабап салышкан. Кытай жарандарынын мындай жүрүм турумдарына нааразы болгон жергиликтүү тургундардан турган ишкананын 50-60тай кызматкери чогулуп калган. Окуя болгон жерге Нарын чек арасынын кызматкерлери келип, абалды жөнгө салышкан.

“Бүгүн жергиликтүү администрация Ат-Башы айылынын тургундары жана компаниянын жумушчулары менен жолугушуу өткөрөт. Чыр-чатакка 140 кытай жараны 30-40 кыргыз жараны катышкан. Анын бары Нарын – Торугарт жолун куруп жаткан бул компаниянын жумушчулары. Учурда абал туруктуу. Нардын облустук ИИБнын жетекчисине бул иш боюнча иликтөө жүргүзүү иши тапшырылды. Кечээ компаниянын жетекчилиги жергиликтүү элден кечирим сурап, жабырлангандарга компенсация төлөп берүүнү убада кылган”, – деди Мамытов.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru