Айбат » УКМК салык кызматынын инспекторун пара алып жаткан жеринен кармады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кылмыш » УКМК салык кызматынын инспекторун пара алып жаткан жеринен кармады

милиция

31-июлда УКМКнын кызматкерлери ыкчам издөө иш чарасынын негизинде, Бишкек шаарындагы Свердлов райондук салык төлөөчүлөрдү текшерүү бөлүмүн пландоо жана анализдөө, мамлекеттик салык кызматын текшерүү боюнча башкы инспекторун 3 000 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен колго түшүрүштү. Кармалган жаран 1964-жылы туулган.

Маалыматка караганда, инспектор аталган акча каражатын бир жарандан жеке уюмга тиешелүү маселесин чечип берем деп талап кылган.

УКМКнын тергөө башкармалыгы кылмыш ишин козгоду. Кармалган инспектор УКМК тергөө абагына алынып келинди. Иликтөө жүрүп жатат.

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru